Редакцияот 16.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 16-октябры № 126

Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

- Түп, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;

- Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.

2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.

3. Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 20-октябрындагы № 79 (3839) саны менен жарыяланды

5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р.Ш.Жакышовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Т. Шайназаров

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-октябрындагы № 126 токтомуна 1-тиркеме

Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери

№

АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи

Жергиликтүү кеңештин аталышы

Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештин депутатынын аты-жөнү

Жалал-Абад облусу

Токтогул району

1

Токтогул АШК, 2026-жылдын 13-октябры, № 12, 2026-жылдын 18-сентябрындагы өз арызы

Э.Иманалиев айылдык кеңеши (№ 3 Кызыл-Жылдыз шайлоо округу)

Бекишов Абдыбек Дүйшебекович

Ысык-Көл облусу

Түп району

2

Түп АШК, 2026-жылдын 12-октябры, № 10, Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасы

Карасаев айылдык кеңеши (№ 5 Сары-Дөбө шайлоо округу)

Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековна

Баткен облусу

Сүлүктү шаары

3

Сүлүктү АШК, 2026-жылдын 7-октябры, № 7, Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасы

Сүлүктү шаардык кеңеши

"Жаңы Кыргызстан" депутаттык фракциясынан Исаков Бекзат Каюмович (2)

Нарын облусу

Нарын району

4

Нарын АШК, 2026-жылдын 11-октябры, № 7, 2026-жылдын 25-сентябрындагы өз арызы

Чет-Нура айылдык кеңеши (№ 1 Ийри-Суу шайлоо округу)

Оролов Бек Магдыбекович

Ак-Талаа району

5

Ак-Талаа АШК, 2026-жылдын 13-октябры, № 8, 2026-жылдын 2-октябрындагы өз арызы

Ала-Буга айылдык кеңеши (№ 1 Кош-Дөбө шайлоо округу)

Самибаева Гульбарчын Баатырбековна

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-октябрындагы № 126 токтомуна 2-тиркеме

Түп, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери

№

АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи

Жергиликтүү кеңештин аталышы

Катталган талапкердин аты-жөнү

Ысык-Көл облусу

Түп району

1

Түп АШК, 2026-жылдын 12-октябры, № 11, 2026-жылдын 9-октябрындагы өз арызы

Карасаев айылдык кеңеши (№ 5 Сары-Дөбө шайлоо округу)

Кожоев Максатбек Сатыбалдиевич

Нарын облусу

Ак-Талаа району

2

Ак-Талаа АШК, 2026-жылдын 13-октябры, № 8, 2026-жылдын 1-октябрындагы өз арызы

Ала-Буга айылдык кеңеши (№ 1 Кош-Дөбө шайлоо округу)

Абдрасулова Гүлсия Асанбековна

Ош облусу

Өзгөн району

3

Өзгөн АШК, 2026-жылдын 14-октябры, № 22, 2026-жылдын 5-октябрындагы каттоо эсеби жөнүндө даректик маалымкат

Жалпак-Таш айылдык кеңеши (№ 2 Курбу-Таш-Кара-Тарык шайлоо округу)

Ураимов Төлөн Омаралиевич

4

Өзгөн АШК, 2026-жылдын 14-октябры, № 22, 2026-жылдын 14-октябрындагы өз арызы

Жалпак-Таш айылдык кеңеши (№ 2 Курбу-Таш-Кара-Тарык шайлоо округу)

Салянова Аида Эсеновна