Редакцияот 05.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

ДЕПУТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН КЕЗЕКСИЗ VI СЕССИЯСЫ

2026-жылдын 5-октябры №6/1

 

  Баетов айыл аймагынын Кезектеги V Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 03-сентябрындагы “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №309 Жарлыгына ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз VI cессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы №1 протоколу жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2.    Баетов айыл аймагынын калкынын саны 13232 болгондуктан жергиликтүү коомдоштуктун жыйынынын катышуучуларынын жалпы саны 80 деп белгиленсин.

3.    Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындын катышуучулары Баетов айыл аймагындагы Баетов, Терек, Үгүт, Байгөнчөк, Кайынды-Булак айылдарынын санына жана иш алып барган мекемелерге жараша пропорционалдуу №1 тиркемеге ылайык шайлансын.  (Тиркеме 1 баракта).

4.    Баетов айыл аймагында жарандардын жыйынын өткөрүү 08– октябрдан 16-октябрга чейин №2 тиркемеге ылайык белгиленсин. (Тиркеме 1 баракта)

5.    Баетов айыл аймагынын жарандардынжыйындарын өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси №3 тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме 1 баракта).

6.    Баетов айыл аймагынын жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү  №4 тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме 1 баракта)

7.    Кезектеги V Элдик Курултайдын катчылыгы бекиткен календардык планга ылайык, Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүү Ак-Талаа райондук маданият үйүнө 2026-жылдын 24-октябрына чакыртылсын.

8.    Ушул токтомду сайтка жарыялоо Баетов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

9.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

  Төрага

Ч. Азимжанов

Баетов айылдык кеңешинин кезексиз                VI сессиясынын 2026-жылдын                               05-октябрындагы №6/1 токтомуна №1 тиркеме

Баетов айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун жыйынынын катышуучуларынын саны жана квотасы төмөндөгүдөй болуп бөлүнсүн.

№

Делегат шайлана турган округдардын аталышы

1 квотага тийиштүү калктын саны

Берилүүчү квотанын саны

1

УОС аймагы

2767

17

2

Вет борбор аймагы

2839

17

3

Баетов аймагы

2110

13

4

РЭС аймагы

1803

11

5

Кайынды-Булак айылы

873

5

6

Терек айылы

1295

8

7

Үгүт айылы

934

5

8

Байгөнчөк айылы

611

4

9

Жалпы

13232

80

 

 

 

Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы У. Жээнбекова

 

 

 

Баетов айылдык кеңешинин кезексиз      VI сессиясынын

2026-жылдын  05-октябрындагы №6/1 токтомуна №2 тиркеме

 

2026-жылдын 08-16 октябрга чейин Кезектеги V Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана жарандардын жыйындарын өткөрүү графиги

№

Айылдардын жана округдардын  аталышы

Чогулуш өткөрүлүүчү жер

Убактысы

Уюштуруучулар

1

УОС аймагы

Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектеби

 

А. Токтогулова, Н. Жолдубаев,               У. Шерипбек уулу, Г. Тентимишова            У. Таштанкулов

2

Вет борбор аймагы

Ак-Талаа райондук маданият үйү

 

И. Жакшылык уулу,                                     Ч. Акматбекова,

С. Каленов, Г. Чынгышова

3

Баетов аймагы

Э. Карасартов орто мектеби

 

А. Кудашов, К. Шыгаев

Н. Абылова

 

4

РЭС аймагы

Э. Карасартов орто мектеби

 

Ч. Черикбаев, Г. Аянова

 

5

Кайынды-Булак айылы

Кайыңды-Булак айылдык клубу

 

Т. Карымшаков

6

Терек айылы

К. Молдобасанов атындагы айылдык клубу

 

У. Маатмусаев, Г. Абдылдаева

7

Үгүт айылы

клуб

 

К. Эгембердиев

8

Байгөнчөк айылы

М. Баетов атындагы айылдык клубу

 

Б. Молдокеева,

 

 

 

 

Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы У. Жээнбекова

 

 

 

 

 

 

 

Баетов айылдык кеңешинин кезексиз                VI сессиясынын 2026-жылдын                               05-октябрындагы №6/1 токтомуна                 №3 тиркеме

Баетов айыл аймагынын жарандардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси.

№

А.А.А

Кызматы

Кайсы айылга жооптуу

  1.  

 

айылдык кеңештин депутаты

Байгөнчөк айылы

  1.  

 

айылдык кеңештин депутаты

Кайыңды-Булак айылы

  1.  

 

айылдык кеңештин депутаты

Баетов айылы

  1.  

 

айылдык кеңештин депутаты

Баетов айылы

  1.  

 

айылдык кеңештин депутаты

Баетов айылы

  1.  

 

айылдык кеңештин депутаты

Терек айылы

  1.  

 

айылдык кеңештин депутаты

Үгүт айылы