ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XXII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 28-августу № 22/3
Чиркегич алууга өздүк салым катары
акча каражат бөлүү жөнүндө
Тенир-Тоо өнүктүрүү фондуна даярдалган, оор жүк ташуучу унааларга 2 даана чиркегич сатып алууга, жалпы наркы 3 600 000 сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 200 000 сомду бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Тенир-Тоо өнүктүрүү фондуна даярдалган, оор жүк ташуучу унааларга 2 даана чиркегич сатып алууга, жалпы наркы 3 600 000 (үч миллион алты жүз мин) сомдук долбоор жактырылсын.
2. Тенир-Тоо өнүктүрүү фондуна даярдалган, оор жүк ташуучу унааларга 2 даана чиркегич сатып алууга, жалпы наркы 3 600 000 сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 200 000 сом (эки жүз мин) сом бөлүнсүн.
3. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |