КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-майы №63/XIX-29
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жеңил унааларын сатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун негизинде, мамлекеттик номери 08KG493АF “NISSAN MISTRAL” жана мамлекеттик номери 2525SK “ВАЗ 2107” кызматтык автоунааларынын толук эскиргендигине жана тейлөө, оңдоо үчүн бюджеттен көп каражат сарптала тургандыгына байланыштуу, Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көз карандысыз баалоочунун баасы боюнча мамлекеттик номери 08KG493АF “NISSAN MISTRAL” жана мамлекеттик номери 2525SK “ВАЗ 2107” кызматтык автоунааларын сатууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом мыйзамда белгиленген тартипте жарыяланып жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кенешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/upload/acts/1792051079_92813000.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Э.И.Токбергенов |