САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык КенешининVII чакырылышынын
Кезексиз ХVIII сессиясы
2026-жылы 2-октябры № 119
Айылдарда жыйындарды өткөрүүнүн графигин жана жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмесин бекитүү
“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы №309 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү коомдоштуктардын (жамаат) өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларын көрсөтүү жыйындары төмөнку тартиптеги графикте өткөрүлсүн:
-Паскы-Арык айылынын коомдоштугунун жыйыны - 9-октябрь 2025-ж.
-Самаркандек айылынын коомдоштугунун жыйыны - 9- октябрь 2025-ж.
-Жаңы-Бак айылынын коомдоштугунун жыйыны - 12-октябрь 2025-ж.
-Орто-Сай турак жай конушунун коомдоштугу - 13-октябрь 2025-ж.
2. Коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттары төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
-Самаркандек айылы боюнча жооптуу депутаттар: Исакова А., Дыйканов А., Салихов К., Таабалдиева К., Ашырбаев А., Калбаев М., Масейитова А.
-Самаркандек айылынын Орто-Сай турак жай конушу боюнча жооптуу депутаттар: Джусупов Х., Ташполотов М., Орозалиев И., Маматов А., Туллаева И., Амираева С.
-Паскы-Арык айылы боюнча жооптуу депутаттар: Каримов А., Саматова М., Газыбек у. А., Ишимова Д.
-Жаңы-Бак айылы боюнча жооптуу депутаттар: Асанова М., Эгемова Г., Пирматов М.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн орун басары Ж.Полотовго тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага Ш.Гапаров