АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
АК-Сай айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2026-жылдын 2-октябры №52
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагында көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жѳнүндѳтоктомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-октябрындагы № 27-28/392 сандуу тапшырмасын аткаруу, ошондой эле КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-сентябрындагы № 502 токтому менен бекитилген «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Эрежелердин талаптарын жер-жерлерде ишке ашыруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31, 34-беренелерине ылайык,Ак-Сай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Сай айылдык кеңешинин 2026-ж.13-февралындагы № 36 «Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагында көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жѳнүндѳ» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2. Токтомдун 1-пунктундагы «5000 (беш миң) сом» деген цифралар жана сөздөр «500 эсептик көрсөткүч (50 000 сом)» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Ак-Сай өкмөтүнүн башчысы С Анаровко жүктөлсүн.
1. Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
2. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган (же ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизилген) күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрайым Ш. Омурова