АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы
2026-жылдын 5-jrnz,hs № 79
Ак-Татыр айыл аймагынан Кекзектеги V Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 39-беренеси, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы №309 “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы №1 протоколун аткарууга алып, айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Татыр айыл аймагы Ак-Татыр айылында Т.Садыков мектебинин залында 2026-жылдын 24-октябрында саат 14:00 гө жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү чакыртылсын. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйына катышкандардын саны 80 (сексен) ден ашбасын.
2. Ак-Татыр айыл аймагынын төрт айылынан, Ак-Татыр айылынан 27 (жыйырма жети), Орто-Боз айылынан 15 (он беш) , Рават айылынан 19 (он тогуз) , Үч-Дөбө айылынан 19 (он тогуз) өкүл шайланат.
3. Ак-Татыр айыл аймагынын төрт айылында жыйындарды өткөрүү графиги 12-октябры Орто-Боз айылында, 8-октябры Рават айылында, 9-октябры Ак-Татыр айылында, 13-октябры Үч-Дөбө айылында өткөрүлөт.
4. Жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттары.
1) Ак-Татыр айылынан коомдоштук жыйынын өткөрүүгө жооптуу
Кулмурзаев Абдимажит Каразакович, Амирбек уулу Алтынбек.
2) Рават айылынан коомдоштук жыйынын өткөрүүгө жооптуу Джапаров Нүрүдүн Дүшеевич, Маматов Өмүрбек.
3) Орто-Боз айылынан коомдоштук жыйынын өткөрүүгө жооптуу. Жапарова Айымбасар. Мазаитов Абдимутали
4) Үч-Дөбө айылынан коомдоштук жыйынын өткөрүүгө жооптуу. Матмуратов Эсенали Чотбаевич, Турдукулов Алимкул.
5) Айыл өкмөтүнүн айыл башчылары жана коомчулуктан.Жангиров Дурусбек, Сами уулу Туратбек, Абдуллаева Мухаббат. Ахматов Расул, Мурзакулов Хамзидин
5. Ак-Татыр айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун төрагасы Исманов Токтосун Анарбаевич, катчысы Өмүров Максатбек Маннапович болуп курамы 15 (он беш) адамдан болуп 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 2026-жылдын 8-октябрынан баштап 16-октябрына чейин график боюнча 2-тиркемеге ылайык өткөрүлсүн.
7. Жумушчу топ жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынынан кийин: Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын көрсөтүү боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын протоколдорун жана өкүлдөрдүн анкеталарын чогултуп жалпылоо 20-октябрга чейин. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын тизмесин тактап, сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат 22-октябрга чейин даярдалсын.
8. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү уюштуруу жана керектүү документтерди даярдап берүү жумушчу топтун курамына милдеттендирилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
10. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.