Редакцияот 16.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 16-сентябры № 708-VIII

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарып берилген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59 жана 60-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м   к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2026-жылдын 25-июнунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарып берилген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

1) Алымбеков Максат Джумакадырович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү, макулдашуу тобунун тең төрагасы;

2) Джумабеков Дастанбек Артисбекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси;

3) Зулпиев Бектур Рысбаевич – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;

4) Сейитов Чоро Сейитович – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары, макулдашуу тобунун тең төрагасы;

5) Чолпонбаев Болот Чолпонбаевич – Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары.

2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 жумуш күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жүктөлсүн.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

 

Б.А. Ибрагимов