Редакцияот 16.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 16-сентябры № 706-VIII

«Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши т о к т о м   к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Т.Т. Айтиев, А.Н. Абдибаева, Б.А. Эргешов, Ж.Ж. Аматов, У.Т. Кыдыралиев, М.Э. Мавлянова, Т.А. Ашымбаева, Б.А. Калпаев, Д.Д. Нышанов, Г.О. Акимбаева, А.А. Джалилов, К.Л. Ханджеза, Б. Чолпонбай уулу, Э.А. Сейтказиева тарабынан демилгеленген «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

 

 Б.А. Ибрагимов