Редакцияот 26.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 26-сентябры № 336

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүүнүн жана дүйнөлүк коомчулукка интеграциялануунун милдеттүү шарттары болуп саналган мамлекетти модернизациялоо жана коомду жаңылоо үчүн жүргүзүлүүчү курстун негизги звеносу катары билим берүү чөйрөсүн өркүндөтүү боюнча саясат ырааттуу жүзөгө ашырылууда.

Коюлган максатка жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясы кабыл алынган жана ишке ашырылууда. Бул Концепция жакынкы он жылдыкта мектептик билим берүү системасын өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин, уюштуруу принциптерин жана багыттарын чагылдырган негизги документ болуп саналат.

Кыргыз Республикасы жашы жете электердин билим алууга болгон укугун мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарын республикалык бюджеттен каржылоо жана жалпы билим берүү уюмдарынын билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууну бюджеттик каражаттар менен төлөө, анын ичинде окуучуларды акысыз окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу аркылуу акысыз мектептик билим алуу үчүн зарыл шарттарды түзүү жолу менен кепилдейт.

Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына жооп берген заманбап окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди даярдоо, басып чыгаруу жана жалпы билим берүү уюмдарын комплекттөө боюнча комплекстүү системаны түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Өлкөдө билим берүү системасын модернизациялоонун азыркы этабындагы эң маанилүү милдет болуп Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнүн бүткүл системасын түп-тамырынан бери жакшыртууну; заманбап эң жогорку талаптарга жооп берген окуу-материалдык базаны жана билим берүү стандарттарын калыптандырууну; айылдык жана шаардык мектептердин материалдык базасындагы жана жабдылышындагы айырмачылыктарды акырындан жана этаптуу жоюунун негизинде жашаган жерине карабастан балдардын билим алуусу үчүн бирдей шарттарды түзүүнү; мугалимдердин эмгегине ар тараптан дем берүүнү караган он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясын ишке ашыруу эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди «Учкун» ачык акционердик коому аркылуу басып чыгарууга 8 500 000 000 (сегиз миллиард беш жүз миллион) сом бөлүнсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети2026-жылдын 31-декабрына чейин 2027-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруунун мамлекеттик программасын (мындан ары – Мамлекеттик программа), анын ичинде төмөнкү негизги жоболорду кароо менен иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жалпы билим берүү уюмдары үчүн жаңы окуу программаларын, окуу китептерин жана окуу методикалык комплекстерди кайра кароо жана түзүү боюнча мамлекеттик ведомстволор аралык комиссияны ага төмөнкүдөй функцияларды жүктөө менен түзүү:

– басып чыгарууга сунушталган окуу адабияттарын конкурстук тандоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелерди координациялоо;

– окуу адабияттарына белгиленген мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана заманбап методикалык талаптарга шайкештигине экспертиза жүргүзүү жана баалоо;

– Мамлекеттик программанын ишке ашырылышына системалуу мониторинг жүргүзүү;

2) жалпы билим берүү уюмдары үчүн жаңы окуу китептерин түзүүнүн жана басып чыгаруунун графигин иштеп чыгуу;

3) төмөнкү тартиптерди иштеп чыгуу:

– жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгууга автордук курамды тандоонун жана бекитүүнүн;