Редакцияот 15.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 15-октябры № 699

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын спорт мекемелеринин ишин өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектеби, Региондук олимпиадалык резерв мектеби, Республикалык олимпиадалык резерв спорт колледжи, Спорттун түрлөрү боюнча жаштар курама командаларын даярдоо борбору, спорттун түрлөрү боюнча дирекция жана "Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция жөнүндө типтүү жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинин, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектебинин жана балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектебинин типтүү штаты 2-тиркемеге ылайык;

3) Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв спорт колледжинин, Региондук олимпиадалык резерв мектебинин типтүү штаты 3-тиркемеге ылайык;

4) Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясынын, Спорттун түрлөрү боюнча жаштар курама командаларын даярдоо борборунун типтүү штаты 4-тиркемеге ылайык;

5) "Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекциянын типтүү штаты 5-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:

- 10-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерацияларды аккредитациялоо тартибин жана шарттарын аныктайт;";

2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 291 "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине төмөнкүдөй үстөк төлөнөт:

- "Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция", "Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция", "Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция", "Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясы", "Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция", "Спорттун түрлөрү боюнча жаштар курама командаларын даярдоо борбору", "Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв спорт колледжи", "Региондук олимпиадалык резерв мектеби", "Күлүк" адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби" мекемелеринин административдик-башкаруу персоналынан тышкары өндүрүмдүүлүгү, жогорку квалификациясы, функциялык милдеттерди сапаттуу аткаргандыгы, ченемге салынбаган жумуш күнү жана олуттуу иш тажрыйбасы үчүн кызматтык маянага 30 пайыз өлчөмүндө;

- "Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция", "Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция", "Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция", "Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясы", "Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция", "Спорттун түрлөрү боюнча жаштар курама командаларын даярдоо борбору", "Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв спорт колледжи", "Региондук олимпиадалык резерв мектеби", "Күлүк" адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби" мекемелеринин административдик-башкаруу персоналына өндүрүмдүүлүгү, жогорку квалификациясы, функциялык милдеттерди сапаттуу аткаргандыгы жана эл аралык спорттук аренада жогорку натыйжаларга жетүүгө кошкон салымы үчүн кызматтык маянага 50 пайызга чейин;

- балансында же ыкчам башкаруусунда спорттук курулмалар бар мекемелердин административдик-башкаруу персоналына ар бир база үчүн 10 пайызга чейин;

2) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу", "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери" спорттук наамдары бар спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына 800 сом өлчөмүндө үстөк белгиленет.";

2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 "Кыргыз Республикасынын спорттук мекемелеринин типтүү жобосун жана типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык сандын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 78 (3838) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

биринчи орун басары

 

Д.Дж. Амангельдиев

 

 

 

2-тиркеме

Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинин, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектебинин жана балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектебинин ТИПТҮҮ ШТАТЫ

 

Кызмат орундарынын аталышы

Штаттык бирдиктердин саны

Директор

1

Директордун орун басары

1

Башкы бухгалтер

1

Методист

3

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис

1

Кассир

1

Чарба бөлүмүнүн башчысы

1

Врач

1

Массаж боюнча медициналык айым

1

 

Эскертүү:

1. Методисттердин штаттык бирдиктери машыктыруучу-окутуучулардын ставкаларынын санына жараша төмөнкүдөй ченемдер боюнча киргизилет:

- машыктыруучу-окутуучунун 5ден 19га чейинки ставкасы болгон учурда - методисттин 1 штаттык бирдиги;

- машыктыруучу-окутуучунун 20дан 29га чейинки ставкасы болгон учурда - методисттин 2 штаттык бирдиги;

- машыктыруучу-окутуучунун 30 жана андан ашык ставкасы болгон учурда - методисттин 3 штаттык бирдиги.

2. Бухгалтердин кызмат орду кызматкерлердин 40тан ашык штаттык бирдиги жана балансында спорттук базасы болгон учурда киргизилет.

3. Спорттук базанын башчысынын кызмат орду, эгерде алардын ортосундагы аралык 10 км ашык болсо, бир нече спорттук база болгон учурда каралат. Бул учурда ар бир кийинки базага спорттук базанын башчысынын кошумча штаттык бирдиги киргизилиши мүмкүн.

4. Лаборанттын кызмат орду (химсуутазалагыч) бассейн болгон учурда каралат.

5. Бөлмөлөрдү тазалоочунун кызмат орду ар бир 500 кв.м жыйналуучу аянтка 1 штаттык бирдик эсебинде киргизилет. Эгерде жыйналуучу аянт 500 кв.м аз болсо, бөлмөлөрдү тазалоочунун 0,5 ставкасы каралат.

6. Күзөтчүнүн кызмат орду өз алдынча имарат болгон учурда, дем алыш жана майрам күндөрү иштөөнү эске алуу менен бир имаратка 2,8 штаттык бирдик эсебинде каралат.

7. Автомобиль айдоочунун кызмат орду толук жүктөм менен иштеген ар бир автомобилге 1 штаттык бирдик эсебинде, бирок уюмга 2 штаттык бирдиктен көп эмес белгиленет.

8. Короо шыпыруучу кызмат орду тазалануучу аймактын 1 гектарына 1 штаттык бирдик эсебинде киргизилет.

9. Ветеринардык врач, кайышчы жана темир уста кызмат орундары ат спортунун түрлөрү машыктырылган бардык спорт мектептери үчүн белгиленет.

10. Ат спортунун түрлөрү машыктырылган бардык спорт мектептеринде ат баккыч кызмат орду төмөнкү ченемдерге ылайык каралат:

1) күндүзгү ат баккыч - 5 ат башына 1 штаттык бирдик эсебинде;

2) кечки ат баккыч - 1 атканага 3 штаттык бирдик эсебинде.

11. Ок атуу, заманбап беш таймаш, кайык айдоо жана парустук спорт түрлөрүнө адистешкен бардык спорт мектептеринде курал-жарактарды жана спорттук кемелерди оңдоо боюнча механиктердин кызмат орундары каралат.

12. Сүзүү бассейиндерин, спорттук курулмаларды, жатаканаларды тейлөө жана татаал жабдууларды оңдоо үчүн имараттарды комплекстүү тейлөө жана имараттарды оңдоо боюнча жумушчулардын кызмат орундары каралат.

13. Көмөкчү жумушчунун кызмат орду көмөкчү чарбанын аянты 20 га жерден кем болбогон учурда каралат.

14. Катчынын (иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн) кызмат орду аталган спорт мектептеринде окуучулардын саны 400 жана андан ашык болгон учурда каралат.

15. Электромонтердун (электриктин) жана слесарь-сантехниктин кызмат орундары балансында имараттары жана спорттук курулмалары бар бардык спорт мектептери үчүн белгиленет.

16. Жалпак спорт курулмаларын оңдоочунун кызмат орду жалпак спорт курулмалары бар бардык спорт мектептери үчүн белгиленет.

17. Вахтердун жана гардеробчунун кызмат орду дене тарбия-ден соолукту чыңдоо же спорт комплекстери болгон учурда жылытуу мезгилине (сезонго) белгиленет.

18. Буксирлөөчү асма аркан жолу боюнча слесардын, механиктин жана оператордун кызмат орундары буксирлөөчү асма аркан жолу болгон учурда белгиленет.

19. Өзүнүн от казаны бар мектептерде техникалык персоналдын штаттык бирдиктери жылытуу мезгилине төмөнкү ченемдер боюнча киргизилет:

- катуу отун жагылуучу откана - нөөмөтүнө 1 штаттык бирдик санында жумушчу-от жагуучунун кызмат орду;

- газ отун жагылуучу откана - нөөмөтүнө 1 штаттык бирдик (автоматика бар болсо) же нөөмөтүнө 2 штаттык бирдик (автоматика жок болсо) санында откана операторунун кызмат орду;

- электр буу казандары менен иштеген откана - жылытуу мезгилине нөөмөтүнө 1 штаттык бирдик эсебинде откананын операторунун кызмат орду;

- борбордоштурулган жылуулук менен жабдуу (туруктуу кезметти талап кылган бойлердик орнотмолор жана жылуулук пункттары болгон учурда) - жылытуу мезгилине нөөмөттө 1 штаттык бирдик эсебинде кезметтик жумушчунун кызмат орду;

- меш менен жылытуу - ар бир 10 мешке 1 штаттык бирдик, бирок бир мектепке 0,5 штаттык бирдиктен кем эмес эсебинде меш жагуучунун кызмат орду.

 

 

 

3-тиркеме

Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв спорт колледжинин жана Региондук олимпиадалык резерв мектебинин ТИПТҮҮ ШТАТЫ

 

Кызмат орундарынын аталышы

Штаттык бирдиктердин саны

Административдик-башкаруу персоналы

Директор

1

Директордун орун басары

3

Башкы бухгалтер

1

Бухгалтер

2

Мамлекеттик тил боюнча адис

1

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис

1

Кадрлар боюнча адис

1

Юрист

1

Архивариус

1

 

Эскертүү:

1. Методисттердин штаттык бирдиктери машыктыруучу-окутуучулардын ставкаларынын санына жараша төмөнкү ченемдер боюнча киргизилет:

- машыктыруучу-окутуучунун 10 ставкасы болгон учурда - методисттин 2 штаттык бирдиги;

- машыктыруучу-окутуучунун 20дан 29га чейинки ставкасы болгон учура - методисттин 3 штаттык бирдиги;

- машыктыруучу-окутуучунун 30 жана андан ашык ставкасы болгон учурда - методисттин 4 штаттык бирдиги.

2. Спорттук-ден соолукту чыңдоо лагери болгон учурда лагердин башчысы кызмат орду каралат.

3. Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинде 1 штаттык бирдиктен ашпаган санда бухгалтер-кассирдин кызмат орду каралышы мүмкүн.

4. Башкы бухгалтердин, бухгалтердин, бухгалтер-кассирдин кызмат орундары кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюму борборлоштурулган бухгалтерия тарабынан тейленбеген учурда белгиленет.

5. Узундугу 25 м чейинки бассейн болгон учурда 2-3 штаттык бирдик, ал эми узундугу 25-50 м болгон учурда 3-4 штаттык бирдик спорт боюнча инструктор кызмат орду киргизилет.

6. Лаборанттын кызмат орду (химсуутазалоо боюнча) бассейн болгон учурда каралат.

7. Электрондук китепкана болгон учурда инженер-программисттин 1 штаттык бирдиги киргизилет.

8. Имараттын (окуу корпусунун, спорт комплексинин, жатакананын) комендантынын кызмат орду коменданттын 1 штаттык бирдигинин эсебинде белгиленет:

- окуу жана спорт корпустарынын аянты 10000 кв.м, бирок билим берүү уюмуна 1 штаттык бирдиктен кем эмес;

- жатаканаларда жашаган ар бир 300 окуучуга, бирок билим берүү уюмуна 1 штаттык бирдиктен кем эмес. Мында коменданттардын жалпы саны имараттардын, окуу корпустарынын жана жатаканалардын жалпы санынан ашпоого тийиш.

9. Чарба (кампа) башчысынын кызмат орду товарларды кабыл алуу боюнча ар бир кампага 1 штаттык бирдик эсебинде киргизилет.

10. Катчы (иш кагаздарын жүргүзүүчү) кызмат орду кызматкерлеринин саны 15 жана андан ашык штаттык бирдик болгон мекемелер үчүн 1 штаттык бирдик эсебинде каралат.

11. Автомобиль айдоочусу кызмат орду толук жүктөм менен иштеген ар бир автомобилге 1 штаттык бирдик эсебинде, бирок уюмга 2 штаттык бирдиктен ашык эмес белгиленет.

12. Вахтер кызмат орду ар бир окуу корпусундагы жана жатаканадагы кезметке 1 штаттык бирдик эсебинде киргизилет.

13. Окуу корпустарынын жана жатаканалардын ар бир 3000 кв.м аянтына имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды комплекстүү тейлөө жана оңдоо боюнча жумушчунун 1 штаттык бирдиги, бирок уюмга 1 штаттык бирдиктен кем эмес киргизилет.

14. Слесарь-сантехниктин кызмат орду суу түтүгү жана канализация менен жабдылган ар бир 2000 кв.м аянтка 1 штаттык бирдик эсебинде, бирок уюмга 1 штаттык бирдиктен кем эмес киргизилет.

15. Электромонтердун (электриктин) кызмат орду ар бир 500 жарык берүүчү чекитке 1 штаттык бирдик эсебинде, бирок уюмга 1 штаттык бирдиктен кем эмес киргизилет.

16. Жыгач устанын (столяр) кызмат орду ар бир 5000 кв.м аянтка 1 штаттык бирдик эсебинде, бирок бир уюмга 1 штаттык бирдиктен кем эмес киргизилет.

17. Багбан кызмат орду 2 га жашылдандыруу аянтына 1 штаттык бирдик эсебинде белгиленет.

18. Окуу жайда китепкана бар болгон учурда 250 жана андан ашык окуучуга китепкана башчысынын 1 штаттык бирдиги каралган.

19. Кир жуучу жайды уюштурууда 250 жана андан ашык койка-орун (койка) эсебинде техникалык персоналдын төмөнкүдөй кызмат орундары каралат:

- кир жуучу жайдын башчысы - 1 штаттык бирдик;

- кир жуугуч жана кийим оңдоочу машинист - 1,5 штаттык бирдик;

- кирлерди комплектөөчү - 0,5 штаттык бирдик.

20. Автономдуу жылытуу системасы бар же борборлоштурулган жылуулук менен жабдууга туташтырылган мекемелерде жылытуу мезгилине техникалык персоналдын штаттык бирдиктери төмөнкү ченемдер боюнча киргизилет:

- катуу отун менен иштеген автономдуу от казан - ар бир от казанда сменага 1 штаттык бирдик эсебинде жумушчу-от жагуучу кызмат орду, күлдү жана шлактарды чыгаруу үчүн жумушчу-от жагуучуга кошумча 1 штаттык бирдик киргизилет;

- газ отуну менен иштеген автономдуу от казан - от казан операторунун кызмат орду сменага 1 штаттык бирдик (коопсуздук автоматикасы болгон учурда), сменага 2 штаттык бирдик (коопсуздук автоматикасы жок болгон учурда);

- борборлоштурулган жылуулук менен жабдуу (жылуулук пункту же элеватордук түйүнү болгон учурда) - слесарь-сантехниктин 1 штаттык бирдиги;

- бойлер жана насостор менен борборлоштурулган жылуулук менен жабдуу (күнү-түнү нөөмөттө туруу зарыл болгон учурда) - сменага 1 штаттык бирдик эсебинде 1 слесарь-сантехниктин кызмат орду.

21. Башкы ашпозчу, ашпозчу, ашкана кызматкери кызмат орундары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-октябрындагы № 627 "Кенже жана техникалык тейлөөчү кызматкерлердин убактысынын, ишинин, санынын типтүү ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык балдар санаториялары менен балдар үйүндөгүлөргө окшош киргизилет.

22. Короо шыпыруучу кызмат орду 1 га тазалануучу аймакка 1 штаттык бирдик эсебинде киргизилет.

23. Жайларды тазалоо боюнча персоналдын кызмат орундары төмөнкү ченемдер боюнча киргизилет:

- кызматтык жайларды тазалоочу - ар бир 500 кв.м аянтка 1 штаттык бирдик эсебинде. Билим берүү уюму эки же үч сменада иштеген учурда ар бир 500 кв.м жыйналуучу аянтка кошумча 0,12 жана 0,3 штаттык бирдик киргизилет;

- коомдук дааратканаларды тазалоочу - ар бир 15 санитардык-техникалык кабинага (унитазга) 1 штаттык бирдик эсебинде, бирок уюмга 1 штаттык бирдиктен кем эмес.

24. Кароолчунун (вахтер) кызмат орду дем алыш жана майрам күндөрүндөгү жумушту эске алуу менен сменага 1 штаттык бирдик эсебинде окуу процессинин убактысын эсептен чыгаруу менен киргизилет.

25. Тарбиячылардын ставкаларынын саны дем алыш жана майрам күндөрүндөгү жумушту эске алуу менен белгиленет: мектеп бөлүмүндө - 2,34 штаттык бирдик. Бир класс-топко тарбиячылардын санын эсептөөдө төмөнкүдөй ченем колдонулат: 1 тарбиячы = жумасына 30 саат.

26. Түнкү нөөмөт үчүн тарбиячынын жардамчысынын кызмат орду: окуучулардын ар бир 4 тобуна 1 штаттык бирдик эсебинде белгиленет, бирок эгерде мекемеде 100дөн ашык бала жашаса, ар бир имаратка 2 штаттык бирдиктен кем эмес.

27. 250 жана андан ашык окуучу болсо музыкалык ийримдерди уюштуруу үчүн музыкалык жетекчинин 0,5 ставкасы, ошондой эле бир окуу жайына класстан тышкаркы иштерди уюштуруучунун 1 штаттык бирдиги киргизилет.

28. Эмгек боюнча инструктордун кызмат орду уюмга 1 штаттык бирдик санында киргизилет.

29. Жатакана боюнча кезметчинин кызмат орду өз алдынча имарат болгондо, дем алыш жана майрам күндөрүндөгү ишти эске алуу менен бир имаратка 2,8 штаттык бирдик эсебинде каралат.

30. Медициналык персоналдын кызмат орду окуучулардын санына жана спорттун түрүнө жараша белгиленүүчү санда каралат.

31. Билим берүү процессин ишке ашыруу үчүн педагогикалык жана окутуучулук курамдын саны билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча түзүлөт.

 

 

 

4-тиркеме

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясынын, Спорттун түрлөрү боюнча жаштардын курама командаларын даярдоо борборунун ТИПТҮҮ ШТАТЫ

 

Кызмат орундарынын аталышы

Штаттык бирдиктердин саны

Директор

1

Директордун орун басары

1

Ат майдан башчысы

1

Башкы бухгалтер

1

Бухгалтер

1

Ат майдан бухгалтери

1

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис

1

Чарба башчысы

1

Юрист

1

Катчы-референт, иш кагаздарын жүргүзүүчү

1

Кадрлар боюнча адис

1

Басма сөз-катчысы

1

Врач

1

Массаж боюнча медициналык айым

1

 

Эскертүү:

1. Спорттун түрлөрү боюнча дирекцияларда спорттун ар бир 5 түрүнө методисттин 1 штаттык бирдиги, бирок мекемеге жалпысынан 7 штаттык бирдиктен көп эмес каралат.

2. Спорттун түрлөрү боюнча жаштардын курама командаларын даярдоо борборунда спорттун ар бир 5 түрүнө методисттин 1 штаттык бирдиги, бирок мекемеге жалпысынан 6 штаттык бирдиктен көп эмес каралат.

3. Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясында методисттерге региондордо дене тарбия даярдыгынын нормативдеринин аткарылышын контролдоо боюнча функциялар жүктөлөт.

4. Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясында, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекцияда жана Спорттун түрлөрү боюнча жаштардын курама командаларын даярдоо борборунда 1 штаттык бирдиктен көп эмес бухгалтер-кассир кызмат орду каралышы мүмкүн.

5. Спорттун түрлөрү боюнча жаштардын курама командаларын даярдоо борборунда спорттук курулмаларды башкаруучунун кызмат орду каралган, ал спорттук базалардын башчыларынын ишин координациялоо, спорттук курулмаларды натыйжалуу пайдаланууну уюштуруу, аларды талаптагыдай күтүүнү жана эксплуатациялоону камсыз кылуу үчүн киргизилет.

6. Спорттун түрлөрү боюнча жаштардын курама командаларын даярдоо борборунда бир нече спорттук базалар болуп, алардын ортосундагы аралык 10 км ашык болсо, спорттук базанын башчысынын кызмат орду каралат. Бул учурда ар бир базага спорттук базанын башчысынын кошумча штаттык бирдиги киргизилиши мүмкүн.

7. Бассейн болгон учурда лаборанттын кызмат орду (сууну химиялык тазалоо боюнча) каралат.

8. Спорттун түрлөрү боюнча жаштардын курама командаларын даярдоо борборунда ок атуу, заманбап беш таймаш, кайык айдоо жана парустук спорт сыяктуу спорттун түрлөрүнө адистешкен курал-жарактарды жана спорттук кемелерди оңдоо боюнча механиктердин кызмат орундары каралат.

9. Сүзүү бассейндерин, спорттук курулмаларды, жатаканаларды тейлөө жана татаал жабдууларды оңдоо үчүн имараттарды комплекстүү тейлөө жана оңдоо боюнча жумушчулардын кызмат орундары каралат.

10. Спорттун түрлөрү боюнча жаштардын курама командаларын даярдоо борборунда жалпак спорттук курулмаларды оңдоочунун кызмат орду жалпак спорттук курулмалары бар мекемелерде белгиленет.

11. Узундугу 25 м чейинки бассейн болгон учурда 2-3 штаттык бирдик, ал эми узундугу 25-50 м болсо, 3-4 штаттык бирдик санында спорт боюнча инструктордун кызмат орду киргизилет.

12. Жайларды тазалоочунун кызмат орду ар бир 500 кв.м тазалана турган аянтка 1 штаттык бирдик эсебинде киргизилет. Эгерде тазалана турган аянт 500 кв.м дан аз болсо, жайларды тазалоочунун 0,5 ставкасы каралат.

13. Көмөкчү жумушчунун кызмат орду көмөкчү чарба болгондо каралат.

14. Күзөтчүнүн кызмат орду өз алдынча имарат болгондо, дем алыш жана майрам күндөрүндөгү ишти эске алуу менен бир имаратка 2,8 штаттык бирдик эсебинде каралат.

15. Айдоочунун кызмат орду толук жүк менен иштеген ар бир автомобилге 1 штаттык бирдик эсебинде белгиленет, бирок 2 штаттык бирдиктен көп эмес.

16. Ат майдан болгон учурда ветеринардык врачтын, жаныбарларды багуу боюнча жумушчунун жана тракторист-машинисттин кызмат орундары каралышы мүмкүн.

17. Ат майдан болгон учурда төмөнкү кызмат орундары каралышы мүмкүн:

1) күндүзгү ат баккыч - 5 аттын башына 1 штаттык бирдик эсебинде;

2) кечки ат баккыч - бир ат сарайга 3 штаттык бирдик эсебинде.

18. Короо тазалоочу кызмат орду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-октябрындагы № 627 "Кенже жана техникалык тейлөөчү кызматкерлердин убактысынын, ишинин санынын типтүү ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык киргизилет.

19. Слесарь-сантехниктин кызмат орду суу түтүгү жана канализация менен жабдылган ар бир 2000 кв.м аянтка 1 штаттык бирдик эсебинде, бирок уюмга 1 штаттык бирдиктен кем эмес киргизилет.

20. Электромонтердун (электриктин) кызмат орду ар бир 500 жарык берүүчү чекитке 1 штаттык бирдик эсебинде, бирок уюмга 1 штаттык бирдиктен кем эмес киргизилет.

21. Вахтердун жана гардеробчунун кызмат орундары дене тарбия-ден соолукту чыңдоо же спорт комплекси болгон учурда жылытуу мезгилине белгиленет.

22. Аттракциондорду (жабдууларды) тейлөө боюнча слесардын кызмат орду буксирлөөчү аркан жол болгон учурда белгиленет.

23. Өзүнүн от казаны бар мекемелерде техникалык персоналдын штаттык бирдиктери жылытуу мезгилине төмөнкүдөй ченемдер боюнча киргизилет:

- катуу отун менен жылуучу от казан - сменага 1 штаттык бирдик эсебинде жумушчу-от жагуучу кызмат орду;

- газ отуну менен иштеген от казан - сменага 1 штаттык бирдик (автоматика бар болсо) же сменага 2 штаттык бирдик (автоматика жок болсо) эсебинде откананын операторунун кызмат орду;

- электр казандарында иштеген иштеген от казан - сменага 1 штаттык бирдик эсебинде от казандын операторунун кызмат орду;

- борборлоштурулган жылуулук менен жабдууда (туруктуу нөөмөттө турууну талап кылган бойлердик түзүлүштөр жана жылуулук пункттары болгон учурда) - ар бир сменага 1 штаттык бирдик эсебинде нөөмөтчү жумушчунун кызмат орду каралат.

- меш менен жылытуу - ар бир 10 мешке 1 штаттык бирдик эсебинде, бирок бир мекемеге 0,5 штаттык бирдиктен кем эмес меш жагуучунун кызмат орду.

24. Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясында медициналык кызматкерлердин кызмат орундары кошумча каралышы мүмкүн.

 

 

 

5-тиркеме

"Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекциянын ТИПТҮҮ ШТАТЫ

 

Кызмат орундарынын аталышы

Штаттык бирдиктердин саны

Директор

1

Бөлүм башчысы

1

Башкы бухгалтер

1

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис

1

Юрист

1

Инспектор

5

 

Эскертүү:

1. Жайларды тазалоочунун кызмат орду ар бир 500 кв.м тазалана турган аянтка 1 штаттык бирдик эсебинде киргизилет. Эгерде тазалана турган аянт 500 кв.м дан аз болсо, жайларды тазалоочунун 0,5 ставкасы каралат.

2. Күзөтчүнүн кызмат орду өз алдынча имарат болгондо, дем алыш жана майрам күндөрүндөгү жумушту эске алуу менен бир имаратка 2,8 штаттык бирдик эсебинде каралат.

3. Автомобиль айдоочунун кызмат орду толук жүк менен иштеген ар бир автомобилге 1 штаттык бирдик эсебинде белгиленет, бирок уюмга 2 штаттык бирдиктен көп эмес.

 

 

 

 

6-тиркеме

 

 

 

"2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башкаруу СХЕМАСЫ

".

 

 

 

7-тиркеме

 

 

 

"2-тиркеме

Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ

1. Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция, Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекция, Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана "Жаштык" спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекция, Спорттун түрлөрү боюнча жаштар курама командаларын даярдоо борбору, Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси

№

Кызмат орундарынын аталышы

Эселөө коэффициенттери

1

Директор

4,50

2

Директордун орун басары

4,00

3

Ат майдандын башчысы

3,85

4

Спорттук курулмаларды башкаруучу

3,85

5

Башкы бухгалтер

3,45

6

Кадрлар боюнча адис

2,90

7

Юрист

2,90

8

Бухгалтер

2,85

9

Ат майдандын бухгалтери

2,85

10

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис

2,85

11

Басма сөз катчысы

2,85

12

Методист

2,85

13

Бухгалтер-кассир

2,75

2. "Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция

№

Кызмат орундарынын аталышы

Эселөө коэффициенттери

1

Директор

4,50

2

Бөлүмдүн башчысы

3,55

3

Башкы бухгалтер

3,45

4

Юрист

2,90

5

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис

2,85

6

Инспектор

2,85

3. Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв спорт колледжи, Региондук олимпиадалык резерв мектеби

№

Кызмат орундарынын аталышы

Эселөө коэффициенттери

1

Директор

3,80

2

Директордун орун басары

3,40

3

Спорттук-ден соолукту чыңдоо лагеринин башчысы

3,40

4

Башкы бухгалтер

2,90

5

Юрист

2,55

6

Мамлекеттик тил боюнча адис

2,55

7

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис

2,55

8

Кадрлар боюнча адис

2,55

9

Бухгалтер

2,55

10

Методист

2,55

11

Бухгалтер-кассир

2,55

12

Инженер-программист

2,55

4. Адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектептери, балдар-өспүрүмдөр спорт мектептери, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектептери жана балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектептери

№

Кызмат орундарынын аталышы

Эселөө коэффициенттери

Адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектептери

Балдар-өспүрүмдөр спорт мектептери, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектептери жана балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектептери

1

Директор

3,35

3,15

2

Директордун орун басары

3,00

2,85

3

Башкы бухгалтер

2,90

2,70

4

Бухгалтер

2,55

2,40

5

Методист

2,55

2,40

6

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис

2,55

2,40

5. Машыктыруучу-окутуучулук курам

№

Кызмат орундарынын аталышы

Эселөө коэффициенттери

1

Башкы машыктыруучу

4,05

2

Улук машыктыруучу

4,00

3

Жогорку билими бар машыктыруучу

3,85

4

Атайын орто билими бар машыктыруучу

3,65

5

Атайын билими жок машыктыруучу

2,80

6. Спорт боюнча инструкторлор

№

Кызмат орундарынын аталышы

Эселөө коэффициенттери

1

Спорт боюнча инструктор

2,85

7. Машыктыруучу-окутуучулук курамдын кызматтык маяналарына үстөктөрдүн өлчөмдөрү

1) Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекцияда, Спорттун түрлөрү боюнча жаштардын курама командаларын даярдоо борборунда, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектептеринде, Региондук олимпиадалык резерв мектебинде, Олимпиадалык резерв спорт колледжинде, балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин спорттук өркүндөтүү жана жогорку чеберчилик топторунда иштеген машыктыруучу-окутуучуларга кесиптик чеберчилиги үчүн кызматтык маянасынын 15 пайызы өлчөмүндө пайыздык үстөк төлөнөт;

2) "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамына ээ болгон машыктыруучу-окутуучуларга иштеген жылдары, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштегени үчүн кызматтык маяналарына ченемдик укуктук актыларга ылайык үстөктөр белгиленет;

3) Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв спорт колледжине жана Региондук олимпиадалык резерв мектебине спортчуларды даярдагандыгы жана өткөргөндүгү үчүн машыктыруучуларга аларды окутуунун бардык мезгили ичинде ар бир спортчу үчүн кызматтык маянасына 10 пайыз өлчөмдө кошумча акы төлөнөт. Спортчуларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекцияга, Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү боюнча жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясына, Спорттун түрлөрү боюнча жаштардын курама командаларын даярдоо борборуна жана "Күлүк" адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебине өткөргөндүгү үчүн машыктыруучуга ар бир спортчу үчүн 20 пайызга чейин кошумча акы төлөнөт;

4) Жыл ичинде жогорку натыйжаларды көрсөткөн спортчуларды өткөргөндүгү үчүн машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маяналарына ар бир спортчу үчүн эң жогорку көрсөткүч боюнча кошумча акылар төлөнөт жана эки жыл бою колдонулат.

Иш-чаралардын аталышы

Үстөктүн өлчөмү, % менен

100%га чейин

75%га чейин

50%га чейин

Ээлеген орундары

Олимпиадалык оюндар, Паралимпиадалык оюндар жана Сурдлимпиадалык оюндар

1,2

3,4

5,6

Өспүрүмдөрдүн олимпиадалык оюндары

1

2,3

4,5

Чоңдор арасында дүйнөлүк чемпионат

1,2

3,4

5

Дүйнөлүк универсиада

1

2

3

Майыптар арасында дүйнөлүк чемпионат

1

2

3

Азия оюндары

1

2

3

Азия чемпионаты

-

1

2,3

Дүйнөлүк чемпионат:

 

 

 

- жаштар арасында (U-20, U-22, U-23);

-

1,2

3,4

- кадеттер (өспүрүмдөр) арасында (U-15, U-17)

-

1

2,3

Азия чемпионаты:

 

 

 

- жаштар арасында (U-20, U-22, U-23);

-

1

2,3

- кадеттер (өспүрүмдөр) арасында (U-15, U-17)

-

1

2,3

Эскертүү:

Спорттун олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөрү боюнча үстөктөрдүн өлчөмдөрү 50 пайызга аз.".