Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 16-сентябры № 303
Автомобиль жолдорун жана тротуарларды капиталдык оңдоо маселелерин оперативдүү чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте Бишкек шаарынын төмөнкү көчөлөрүндө автомобиль жолдорун жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн заказчыларын жана берүүчүлөрүн (подрядчыларын) аныктасын:
- Достоевский көчөсү Шабдан Баатыр проспектинен Путепроводная көчөсүнө чейин;
- Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча башкармалыгынын жанындагы Безымянная көчөсүнө чыгыш тарабынан кирүү жолу;
- Менделеев көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Путепроводная көчөсүнө чейин;
- Адыгине көчөсү Курултай көчөсүнөн Орто көчөсүнө чейин;
- Восточная көчөсү № 2/1 үйдөн Мостовая көчөсүнө чейин;
- Самойленко көчөсү Ы.Абдырахманов көчөсүнөн Гаражная көчөсүнө чейин;
- Гаражная көчөсү Самойленко көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектине чейин;
- Мостовая көчөсү Ч.Айтматов проспектинен Самойленко көчөсүнө чейин;
- Кожомкулов көчөсү Самойленко көчөсүнөн 7-көчөгө чейин;
- Парк көчөсү Ы.Абдырахманов көчөсүнөн Кожомкулов көчөсүнө чейин;
- Азия көчөсү Магистраль көчөсүнөн Ы.Абдырахманов көчөсүнө чейин;
- Боз-Бөлтөк көчөсү Магистраль көчөсүнөн Ы.Абдырахманов көчөсүнө чейин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |