КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-октябры № 723
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 28-майындагы № 374 «Мамлекеттик мүлктү
ижарага берүүнүн айрым маселелери жөнүндө»
токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелерди бөлүштүрүү тартибин өркүндөтүү, мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 101-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 28-майындагы № 374 «Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелерди бөлүштүрүү тартибинде:
– 2-пункттун 8-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-октябрындагы № 82 (3842) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |