Редакцияот 23.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 23-октябры № 361

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын  11-майындагы № 148 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын жогорку офицердик курамынын айырмалоочу белгилерин бирдейлештирүү, аларды аскердик кызматтын геральдикалык стандарттарына шайкеш келтирүү, ошондой эле аскердик кийим формасынын элементтерин оптималдаштыруу максатында, «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 12-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 148 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемесинде:

– 18-пункттун эскертүүсүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«УКМК жана АП үчүн – саргыч-жашыл түстөгү кездемеден шым (параддык – ачык-боз түстөгү жана деңиз толкуну түсүндөгү кездемеден);»;

2) жогоруда аталган Жарлыктын 3-тиркемесинде:

– 2-пунктта:

1-пунктчанын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1) параддык погондор – тик бурчтуу, жогорку кыры кыйгач кесилген, алтын түстөгү улуттук оюу менен атайын өрүлгөн галундан курбусу, погондун кырында милтеси бар (милтенин түсү – аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) жана ички бетинен милтенин жээги алтын түстүү саймасы менен болот. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (мындан ары – УКМК) жана Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы (мындан ары – АП) үчүн погондун курбусу улуттук оюусу жок аткарылат, ал эми көйнөктө жогорку жээги трапеция түрүндө тик бурчтуу погондор колдонулат.»;

2-пунктчанын эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Эскертүү: УКМК жана АП үчүн погондор улуттук оюусу жок саргыч-жашыл түстөгү атайын өрүлгөн галундан курбусу бар, көйнөктө – жогорку жээги трапеция түрүндө тик бурчтуу погондор болот;»;

3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

«Эскертүү: УКМК жана АП үчүн погондор чечип алма, тик бурчтуу, жогорку жээги трапеция түрүндө, улуттук оюусу жок коргоочу түстөгү атайын өрүлгөн галундан курбусу менен болот;»;

төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:

«4) УКМК жана АП генералдарынын параддык, күнүмдүк жана талаа погондорунда, анын ичинде формалык көйнөктөрдүн погондорунда алтын түстүү гүлчамбар же эмен бутактарынын гүлчамбары менен жээктелген тегерек күндүн алкагынын ичинде түндүктүн сүрөтү бар символика жайгаштырылбайт.».

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнүн аскер кызматчыларынын ушул Жарлыкта белгиленген айырмалоочу белгилерге өтүүсүн камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын аскер кызматчыларынын ушул Жарлыкта белгиленген айырмалоочу белгилерге өтүүсүн камсыз кылуу сунушталсын.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 27-октябрындагы № 81 (3841) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров