Редакцияот 27.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 27-октябры № 720

Кыргыз Республикасынын аймагына алмаларды ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын багбанчылык чарбаларын колдоо, 2026-жылдагы алмалардын түшүмүн өз убагында сатуу үчүн шарттарды түзүү жана тармактын өндүрүштүк потенциалын сактоо максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөрдү кошпогондо, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0808 10 100 0–0808 10 800 8 коддору менен классификациялануучу алмаларды үчүнчү өлкөлөрдөн жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү 2027-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин:

1) жүктөп жөнөтүлгөн датасын жана багытын ырастаган документтер болгондо, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өткөрүлүүчү алмаларды, анын ичинде аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө бир мамлекеттин аймагынан Евразия экономикалык бирлигине мүчө экинчи мамлекеттин аймагына ташууда;

2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин бажы органына жөнөтүлгөн жана көрсөтүлгөн жагдайларды ырастоочу расмий каты болгондо, бул токтом күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын дарегине жүктөп жөнөтүлгөн алмаларды.

2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ички рынокто алманын өндүрүшүнө, запастарына жана бааларына ай сайын мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылсын жана жетишсиз сунуштоо тобокелдиги пайда болгон учурда, бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине токтоосуз киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы белгиленген тартипте алмаларды Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз ташып келүүгө жол бербөө боюнча чараларды көрсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев