КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 1-октябры № 751-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 267-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункттун 7-пунктчасындагы "1-июнуна" деген сөздөр "1-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган тескеменин 2-тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| "2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоого мамлекеттик заказ жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун даярдоо боюнча мамлекеттик заказды (мындан ары - мамлекеттик заказ) уюштуруу жана ишке ашыруу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталган:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун бири болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын жогорку көркөм деңгээлдеги долбоорлорун даярдоо;
2) мамлекеттик заказды уюштуруунун бирдиктүү механизмин белгилөө;
3) чыгармачыл союздардын, жамааттардын, маданияттын жана искусствонун көрүнүктүү ишмерлеринин мамлекеттик маанидеги чыгармачыл ишти аткарууга катышуусун камсыз кылуу;
4) мамлекеттик заказды ачык, ачык-айкын жана натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу.
3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, конституциялык мыйзамдарына, мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
4. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) мамлекеттик заказ - мамлекеттик маанидеги чыгармаларды жаратуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жайгаштырылган заказ;
2) долбоор - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин же музыкасын даярдоо боюнча автордун чыгармачыл эмгеги;
3) чыгармачыл жамаат - мамлекеттик заказды аткаруу үчүн түзүлгөн авторлордун, композиторлордун, музыканттардын, филолог окумуштуулардын жана башка адистердин бирикмеси;
4) чыгармачыл союз - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн чыгармачыл коомдук бирикме;
5) ведомстволор аралык комиссия - мамлекеттик заказдын алкагында даярдалган долбоорлорду кароо, баалоо жана мыкты долбоорду аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн комиссия.
5. Мамлекеттик заказ конкурсту өткөрбөстөн ишке ашырылат.
6. Мамлекеттик заказ Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан белгилүү чыгармачыл союздарды, чыгармачыл жамааттарды жана чыгармачыл ишмерлерди аны аткарууга тартуу аркылуу ишке ашырылат.
2-глава. Мамлекеттик заказдын максаты жана негизги милдеттери
7. Мамлекеттик заказдын максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн, элдин биримдигин, тарыхый эскерүүлөрүн, маданий мурасын, руханий баалуулуктарын жана келечекке умтулуусун чагылдырган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун даярдоо болуп саналат.
8. Мамлекеттик заказдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин долбоорлорун даярдоо;
2) даярдалган тексттердин негизинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин музыкалык чыгармасынын долбоорлорун түзүү;
3) чыгармачыл союздардын жана чыгармачыл жамааттардын потенциалын мамлекеттик маанидеги чыгармачыл ишти аткарууга багыттоо;
4) ведомстволор аралык комиссия тарабынан мыкты долбоорду аныктоо;
5) мыкты долбоорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү.
3-глава. Мамлекеттик заказды ишке ашырууну уюштуруу
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик заказчы болуп саналат.
10. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги (мындан ары - Министрлик) мамлекеттик заказды ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликтүү мамлекеттик орган болуп эсептелет.
11. Министрлик мамлекеттик заказды ишке ашыруунун алкагында:
1) иш-чаралар планын жана аны ишке ашыруунун негизги этаптарын бекитет;
2) техникалык тапшырманы (техникалык өзгөчөлүктү) иштеп чыгат жана бекитет;
3) мамлекеттик заказды аткарууга тартылган чыгармачыл союздарды, чыгармачыл жамааттарды жана чыгармачыл ишмерлерди аныктайт;
4) мамлекеттик заказды аткарууга байланышкан жарандык-укуктук келишимдерди түзөт, өзгөртөт жана токтотот;
5) берилген материалдарды кабыл алат, каттайт жана алардын толуктугун текшерет;
6) мамлекеттик заказды ишке ашыруунун жүрүшүнө туруктуу мониторинг жүргүзөт;
7) зарыл болгон учурда орто аралыктагы чыгармачыл отчетторду сурайт;
8) мамлекеттик заказды ишке ашырууга байланышкан жумушчу жолугушууларды, консультацияларды жана талкууларды уюштурат;
9) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чыгармачыл уюмдар, илимий мекемелер жана эксперттер менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
10) ведомстволор аралык комиссиянын жана чыгармачыл кеңештин ишин уюштуруучулук, маалыматтык жана техникалык коштоону камсыз кылат;
11) ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна долбоорлорду киргизет;
12) ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин ишке ашыруу боюнча ишти уюштурат;
13) мамлекеттик заказды ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча тиешелүү материалдарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна берет;
14) мамлекеттик заказды ишке ашырууга байланышкан архивдик материалдардын сакталышын камсыз кылат;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат;
16) жарандардын мамлекеттик заказды ишке ашырууга байланышкан кайрылууларын жана сунуштарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алат жана карайт.
12. Мамлекеттик заказды ишке ашырууга байланыштуу келип түшкөн документтер, долбоорлор, сунуштар жана башка материалдар Министрлик тарабынан кабыл алынат, катталат, эсепке алынат, сакталат жана Министрлик тарабынан белгиленген тартипте тиешелүү комиссияларга өткөрүп берилет.