Редакцияот 08.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 8-октябры № 678

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 357 "Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 

"Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 357 "Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбулада "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-2-беренесине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев

 

 

"Тиркеме

Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

1. Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык иштелип чыккан жана өнүктүрүүнүн бекитилген стратегиялык документтеринин негизинде Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу максатында инвестициялык конкурсту өткөрүү жолу менен инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартибин аныктайт.

2. Ушул Жобонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) инвестициялык лотторду даярдоодо жана берүүдө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;

2) инвестициялык лотторду тандоо критерийлерин белгилөө;

3) инвестициялык лотторду ишке ашырууда тараптардын милдеттенмелерди аткаруусуна мониторинг жүргүзүү.

3. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги терминдер колдонулат:

1) инвестициялык лот - демилгеленген долбоорлордун өзгөчөлүгүн эске алуу менен инвесторго берилүүчү инвестициялык сунушту, долбоордун инфратүзүмүн, активдерди, чийки заттык базаны жана сатуу рынокторун талдоону, уруксат берүүчү документтерди жана преференцияларды берүүнү камтыган чечимдердин комплекси;

2) лоттун демилгечиси - ушул Жобого ылайык инвестициялык сунушту же инвестициялык долбоорду андан ары ишке ашыруу үчүн лотту түзүүгө кызыкдар болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;

3) инвестициялык лоттордун реестри - инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лот бекитилгенден кийин түзүлүүчү ар бир лотко идентификациялык номер ыйгаруу менен эсепке алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы;

4) өнүктүрүүнүн стратегиялык документтери - Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоочу, улуттук же мамлекеттик программа түрүндө кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери;

5) инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу орган;

6) конкурстун катышуучусу - конкурска катышуу үчүн арыз берген инвестор, менчиктин ар кандай түрүндөгү чарба жүргүзүүчү субъект, конкурска катышууга макулдугун билдирген юридикалык же жеке жак;

7) календардык план - инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун негизги этаптарын аткаруунун ырааттуулугун жана мөөнөттөрүн, анын ичинде иштерди, иш-чараларды аткаруу жана долбоордун белгиленген негизги көрсөткүчтөрүнө жетишүү мөөнөттөрүн аныктоочу документ.

4. Инвестициялык лотко мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин, мүлктүк комплекстерди, имараттарды, курулмаларды жана башка объекттерди киргизүүгө укук белгилөөчү документтер болгон жана аларды берүүнүн укуктук мүмкүнчүлүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу менчик ээсинин (органдын) алдын ала ырастоосу болгон учурда жол берилет. Мындай объекттер жеңүүчү аныкталгандан жана инвестициялык лот боюнча келишим түзүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын жер, жарандык, бюджеттик мыйзамдарында, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти башкаруу жөнүндө мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте конкурстук тандоонун жеңүүчүсүнө берилет.

Инвестициялык лоттордун алкагында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин жана мүлктү берүү тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын макулдугу менен гана жана аталган орган тарабынан аныкталган шарттарда жүзөгө ашырылат.