Редакцияот 17.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ

ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИКТИН БУЙРУГУ

 

2026-жылдын 17-сентябры № 13-21-14

Кыргыз Республикасынын

«6-КРАЭ. I бөлүк. Коммерциялык аба транспорту.

Учактар. Аба кемелерин эксплуатациялоо» Авиациялык эрежелерине

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 6-тиркемесинин (I бөлүк) №51-түзөтүүсүнүн кабыл алынгандыгына байланыштуу, ошондой эле ИКАОнун протоколдук маселелери боюнча оңдоо чараларынын планын ишке ашыруу, улуттук авиациялык тутумду чыңдоо, анын ачыктыгын, ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана Кыргыз Республикасында учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы №3 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «6-КРАЭ. I бөлүм. Коммерциялык аба транспорту. Учактар. Аба кемелерин пайдалануу» Авиациялык эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) «Кыскартуулар» деген 1-параграфтан «RNAV – аянттык навигация» деген кыскартуу алынып салынсын жана төмөнкү кыскартуу менен толукталсын «HEA – бийиктикте жайгашкан аэродром»;

2) 1-бөлүм «Аныктамалар» төмөнкү мазмундагы аныктама менен толукталсын:

«Мыйзамсыз кийлигишүү актылары – жарандык авиациянын коопсуздугуна коркунуч жараткан актылар же мындай актыларды жасоого аракеттер болуп саналат, алар төмөнкүлөрдү камтыйт, бирок алар менен чектелбейт:

а) аба кемесин мыйзамсыз басып алуу;

б) эксплуатациядагы турган (колдонуудагы) аба кемесин жок кылуу;

в) аба кемесинин бортунда же аэродромдордо барымтага алуу;

г) аба кемесинин бортуна, аэропортко же аэронавигациялык каражаттын же кызматтын жайгашкан жерине күч колдонуу менен кирүү;

д) аба кемесинин бортунда же аэропортто кылмыштуу максаттар үчүн арналган куралды, коркунучтуу түзүлүштү же материалды жайгаштыруу;

е) эксплуатацияда турган аба кемесин адам өлүмүнө, олуттуу жаракат алууга же мүлккө же айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирүүгө алып келүүчү максатта пайдалануу;

ж) учуудагы же жердеги аба кемесинин, жүргүнчүлөрдүн, экипаж мүчөлөрүнүн, жердеги персоналдын же аэропорттогу коомчулуктун, ошондой эле жарандык авиация каражатынын же кызматынын коопсуздугуна коркунуч келтирген жалган маалымат берүү.»;

3) «Зоналык навигация (RNAV)» деген аныктама төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Аймактык навигация – аба кемелерине жер үстүндөгү же спутниктик навигациялык каражаттардын иштөө аймагында же автономдуу каражаттардын мүмкүнчүлүктөрү менен аныкталган чектерде, же алардын айкалышынын негизинде каалаган учуу траекториясы боюнча учууга мүмкүндүк берүүчү навигация ыкмасы.»;

4) «макулдашуунун кыскача жыйынтыгы» деген аныктама «Конвенциянын 83-bis-беренесине» деген сөздөргө чейин төмөнкү сөздөр менен толукталсын «Эл аралык жарандык авиация жөнүндө»;

5) «Өндүрүмдүүлүккө негизделген навигация (PBN)» деген аныктама төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Мүнөздөмөлөргө негизделген навигация (PBN) – аба тейлөө каттамдары боюнча, аспаптар менен конуу схемасы боюнча же белгиленген аба мейкиндигинде учкан аба кемелерине коюлган мүнөздөмөлөр боюнча талаптарга негизделген аймактык навигация.

Эскертүү: Мүнөздөмөлөргө коюлган талаптар навигациялык спецификацияларда (RNAV спецификациясы, RNP спецификациясы) тактык, бүтүндүк, үзгүлтүксүздүк жана белгилүү бир аба мейкиндигинин концепциясынын алкагында пландаштырылган учууну аткаруу үчүн зарыл болгон функционалдык мүмкүнчүлүктөр түрүндө аныкталат. Глобалдык спутниктик навигациялык тутумдун жана/же башка аэронавигациялык каражаттардын инфраструктурасынын мейкиндиктеги сигналынын жеткиликтүүлүгү навигацияны колдонууга мүмкүндүк берүү үчүн аба мейкиндигинин концепциясынын алкагында каралат.»;

6) «Зоналык навигациянын спецификациясы (RNAV)» деген аныктаманын аталышы төмөнкүдөй өзгөртүлсүн: «RNAV спецификациясы»;

7) «Жарандык авиация башкармалыгы» деген аныктама төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Жарандык авиация башкармалыгы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген, жарандык авиация тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, жөнгө салууну жана көзөмөлдү жүргүзгөн мамлекеттик орган. Кыргыз Республикасында жарандык авиация башкармалыгы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги саналат.»;

8) «Кооптуу жүктөр» аныктамасынан «3-бөлүмүндө» деген сөздөр алып салынсын;

9) «Прибордук метеорологиялык шарттар (ПМУ)» аныктамасынын экинчи абзацынан «нин 3.9.1-пунктунда» деген сөздөр алып салынсын;

10) «Аба кемесинин учуу эксплуатациясы боюнча колдонмо» деген аныктамасынан «Жарандык авиация башкармалыгы тарабынан кабыл алынган» деген сөздөр алынып салынсын;

11) «Колдонуу» деген 2-бөлүмдүн 2-пунктунда «өзгөртүү №49 кошулган» деген сөздөр төмөнкүдөй алмаштырылсын «№48, 49 жана 51-түзөтүүлөрдү камтыган»;

12) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Аба кемелеринин эксплуатанттын тастыктамасын берүү, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү, анын колдонулушун токтото туруу же жокко чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин эксплуатациялоочуларынын ишмердүүлүгүн, анын иченде эксплуатациалык чектөөлөрду киргизүү, аракетин токтотуу, жараксыз деп табуу жана кайра кабылына келтирүү тартибин, ошондой эле аба кемелеринин эксплуатациалык мүнөздөмөлөрүнө чектөөлөрду жана/же өзгөртүлөрдү киргизүү тартибин жөнгө салуучу нускама менен белгиленет. Бул тартип эксплуатациялоочунун тастыктамасынын колдонулушуна чектөөлөрдү киргизүү, анын колдонулушун токтотуу, жокко чыгаруу жана кайра калыбына келтирүү, ошондой эле аба кемесинин эксплуатациялык спецификацияларына чектөөлөрдү жана/же өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жоболорун камтыйт.»;

13) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде белгиленген талаптарды аткаруудан аба кемелеринин эксплуатанттарына тиешелүү бошотууларды сунуштоо жана берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин белгиленген талаптарын аткаруудан бекитүүлөрдү жана бошотууларды берүүнүн тартиби жөнүндө нускамасына ылайык аныкталат.»;

14) 9-пунктта «камсыз кылуу үчүн чараларды көрөт» деген сөздөр «камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүгө тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

15) 10-пунктта «чараларды көрөт» деген сөздөр «чараларды көрүүгө тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

16) 15 жана 16-пункттарда «чараларды көрүшөт» деген сөздөр «чараларды көрүүгө тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

17) 21-пунктта «иштеп чыгууга жана колдоого милдеттүү» деген сөздөр «иштеп чыгууга жана колдоого тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

18) 22-пунктта «кабыл алат жана аткарат» деген сөздөр «кабыл алууга жана аткарууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

19) 23-пункттан төмөнкү сүйлөм алып салынсын: «Контракттык уюм Жарандык авиация органы тарабынан бекитилүүгө керек.»;

20) 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2028-жылдын 22-ноябрына чейин учуу маалыматтарын талдоо программасы КРАЭ-19 ылайык мындай маалыматтардын булагын (булактарын) коргоо боюнча тиешелүү кепилдиктерди камтууга тийиш.»;

21) Төмөнкү мазмундагы 24.1-пункт менен толукталсын:

«2028-жылдын 23-ноябрынан тартып учуу маалыматтарын талдоо программасы учуулардын коопсуздугу жөнүндө маалыматтардын жана учуулардын коопсуздугуна байланыштуу маалыматтардын ачыкка чыгарылышынан жана пайдаланылышынан коргоо чараларын, ошондой эле КРАЭ-19 ылайык тиешелүү адамдарды жана уюмдарды коргоо чараларын камтууга тийиш.»;

22) 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2028-жылдын 22-ноябрына чейин КРАЭ-13 боюнча кырсыкты же окуяны иликтөөдөн башка максаттарда CVR, CARS, AIR классындагы А жана AIRS классындагы жазуулары же алардын чечмеленген материалдары колдонулушуна тыюу салынат, эгерде мындай жазуулар же чечмеленүүлөр:

а) учуу коопсуздугуна байланыштуу окуяга тиешелүү болсо жана коопсуздук башкаруу системасынын алкагында аныкталган болсо; маалыматтардын идентификациясы жок берилсе жана КРАЭ-19 каралган коргоо чаралары колдонулса;

б) кырсыкты же окуяны иликтөө менен байланышкан окуяга тиешеси жок кылмыш иштеринде колдонуу үчүн талап кылынган жана КРАЭ-19 каралган коргоо чаралары колдонулса; же

в) 7-тиркеменин 7-бөлүмүндө каралганучуу каралган борттук учуу маалыматтарын каттоо системаларын текшерүү үчүн пайдаланылса.

Эскертүү. Учуулардын коопсуздугун сактоо же жакшыртуу максатында чогултулган коопсуздук маалыматтарын жана учуулардын коопсуздугу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле тиешелүү булактарды коргоого байланыштуу жоболор КРАЭ-19да камтылган. КРАЭ-13кө ылайык иликтөө жүргүзүүдө, иликтөөнүн жазуулары КРАЭ-13тө каралган коргоого алынат.»;

23) 26-пунктта «Жарандык авиация башкармалыгы» жана «уруксат бербейт» деген сөздөр: «2028-жылдын 22-ноябрына чейин» жана «тыюу салынат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

24) 27- пункттагы өзгөртүү расмий тилдеги текстке гана тиешелүү;

25) 29-пунктта «камсыз кылууга милдеттүү» деген сөздөр «камсыз кылууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

26) 30-пунктта «турушу керек» деген сөздөр «турууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

27) 31-пунктта «көзөмөлдөп турат» деген сөз «көзөмөлдөөгө тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

28) 32-пункттагы өзгөртүү расмий тилдеги текстке гана тиешелүү;

29) 33-пункттагы өзгөртүү расмий тилдеги текстке гана тиешелүү;

30) Бешинчи параграфтан кийин төмөнкү мазмундагы 5.1 параграф менен толукталсын:

«§ 5.1 Жазууларды жана чечмеленген көчүрмөлөрдү коргоо (2028-жылдын 23-ноябрынан тартып колдонулат)

33.1 CVR, CARS, А класстагы AIR жана А класстагы AIRS борттук үн жазгычтарынын жазууларын же чечмеленген көчүрмөлөрүн төмөнкү учурлардан тышкары пайдаланууга тыюу салынат:

а) КРАЭ-13 ылайык жүргүзүлүп жаткан авиациялык кырсыкты же инцидентти иликтөө үчүн пайдаланылса;

б) учуулардын коопсуздугуна байланыштуу жана учуулардын коопсуздугун башкаруу тутумунун алкагында аныкталган окуяны баалоо үчүн пайдаланылса. Мындай учурда пайдалануу жазуунун аты-жөнү көрсөтүлбөгөн тиешелүү бөлүктөрү менен гана чектелет жана КРАЭ-19 каралган коргоого алынат;

в) КРАЭ-13 ылайык жүргүзүлүп жаткан авиациялык кырсыкты же инцидентти иликтөөгө байланышпаган кылмыш ишинде пайдалануу үчүн суралса. Мындай учурда пайдалануу расмий кепилдиктердин негизинде ачылган тиешелүү бөлүктөр менен гана чектелет;

г) 7-тиркеменин 7-бөлүмүндө каралган борттук учуу маалыматтарын каттоо системаларын текшерүү үчүн пайдаланылса.

Эскертүү 1. КРАЭ-13 ылайык иликтөө жүргүзүүдө авиациялык кырсыкка жана иликтөөгө байланыштуу жазууларга, анын ичинде CVR, CARS, А класстагы AIR жана А класстагы AIRS маалыматтарынын жазууларына жана чечмеленген көчүрмөлөрүнө берилүүчү коргоо КРАЭ 13 ылайык аныкталат. Учуулардын коопсуздугун сактоо же жакшыртуу максатында чогултулган коопсуздук маалыматтарын жана учуулардын коопсуздугу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле тиешелүү булактарды коргоого байланыштуу жоболор КРАЭ 19 камтылган.

Эскертүү 2. Расмий кепилдиктерге укуктук чектөөлөр, анын ичинде соттун коргоо буйруктары, жабык соттук териштирүүлөр, купуя соттон тышкаркы жыйындар жана кылмыш ишин кароодо учуулардын коопсуздугу жөнүндө маалыматтарды пайдалануу же ачыкка чыгаруу үчүн маалыматтарды аты-жөнүн көрсөтпөстөн берүү кирет.

33.2 FDR, ADRS, ошондой эле В жана С класстагы AIR жана AIRS борттук жазгычтарынын жазууларын төмөнкү учурлардан тышкары пайдаланууга тыюу салынат:

а) КРАЭ-13 ылайык жүргүзүлүп жаткан авиациялык кырсыкты же инцидентти иликтөө үчүн пайдаланылса;

б) эксплуатант тарабынан учууга жарактуулукту камсыз кылуу же техникалык тейлөө максатында пайдаланылса;

в) эксплуатант тарабынан ушул Эрежелерге ылайык талап кылынган учуу маалыматтарын талдоо программасын аткарууда пайдаланылса;

г) авиациялык кырсыкты же инцидентти иликтөөгө байланышпаган ишти кароо үчүн суралса.

Эскертүү. Учуулардын коопсуздугун сактоо же жакшыртуу максатында чогултулган коопсуздук маалыматтарын жана учуулардын коопсуздугу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле тиешелүү булактарды коргоого байланыштуу жоболор КРАЭ 19 камтылган.»;

31) 34-пунктта «чара көрөт» деген сөздөр «чараларды көрүүгө тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

32) 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Эксплуатант пландаштырылган учуунун башталышына же улантылышына жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө тийиш, эгерде ал негиздүү маалыматтардын негизинде учуу маршруту өтүүчү аба мейкиндиги, анын ичинде учуп чыгуу, баруу жана кошумча аэродромдор пландаштырылган учууну аткаруу үчүн коопсуз пайдаланылышы мүмкүн экендигине ынанбаса. Эгерде учуу жаңжалдуу аймактардын үстүнөн же аларга түздөн-түз жакын жерде аткарылса, эксплуатант тобокелдикти баалоого жана учуунун коопсуздугу үчүн тобокелдикти азайтуу боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш.»;

33) 36-пунктта «камсыз кылат» деген сөздөр «камсыз кылууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

34) 37-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Эксплуатант пайдаланылуучу аэродромдор жана алардын каражаттары, аларды пайдалануунун жарыяланган шарттарына ылайык, аба ырайынын шарттарына карабастан, жарыяланган жумуш сааттарынын ичинде учууларды камсыз кылуу үчүн туруктуу жарактуу абалда кармалышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.»;

35) 38-пунктта «деңгээлин баалайт» деген сөздөр «деңгээлин баалоого тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

36) 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Эксплуатант Жарандык авиация башкармалыгы тарабынан берилген жарактуу аба эксплуатанттын күбөлүгү (ЭС) жок коммерциялык аба ташууларды аткарууга тыюу салынат.»;

37) 42-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Эскертүү. Ушул Эрежелердин 11-тиркемеси аба эксплуатанттын күбөлүгүн берүү боюнча көрсөтмө материалдарды камтыйт.»;

38) 43-пунктта «иштеп чыгууга милдеттүү» деген сөздөр:«иштеп чыгууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

39) 46-пунктта «Кошумча талаптар» деген сөздөрдүн алдында: «Эскертүү.» деген сөз кошулсун;

40) 51-пунктта «сактоого жана аткарууга милдеттүү» деген сөздөр: «сактоого жана аткарууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

41) 52-пунктта «камсыз кылууга милдеттүү» деген сөздөр: «камсыз кылууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

42) 53-пунктта «берет» деген сөз «берүүгө тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

43) 54-пунктта «камсыз кылууга милдеттүү» деген сөздөр «камсыз кылууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

44) 56-пункттагы өзгөртүү расмий тилдеги текстке гана тиешелүү;

45) 58-пунктта «колдонулат» деген сөз: «колдонулууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

46) 60-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Эксплуатант мамлекет тарабынан белгиленбеген же учууларды камсыз кылуу үчүн жооптуу мамлекет тарабынан аныкталбаган каттамдар боюнча аткарылуучу учуулар үчүн минималдуу абсолюттук бийиктиктерди аныктоо ыкмасын көрсөтүүгө жана бул ыкманы учууларды өндүрүү боюнча колдонмого киргизүүгө тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмага ылайык аныкталган минималдуу абсолюттук учуу бийиктиктери КРАЭ 2 көрсөтүлгөн маанилерден төмөн болууга тийиш эмес.»;

47) 63-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Жарандык авиация башкармалыгы эксплуатациялык уюмдан учууларды аткаруу үчүн пайдаланылуучу ар бир аэродром боюнча эксплуатациялык минимумдарды белгилөөнү талап кылат жана мындай минимумдарды аныктоо ыкмаларын бекитет. Мындай минимумдар, ошол мамлекеттин атайын макулдугу алынган учурлардан тышкары тиешелүү аэродромдун мамлекети тарабынан белгилениши мүмкүн болгон минимумдардан төмөн болбоого тийиш.

Эскертүү: Бул талап аэродром жайгашкан мамлекеттен аэродромдун эксплуатациялык минимумдарын белгилөөнү талап кылбайт.»;

48) 64-пункттагы өзгөртүү расмий тилдеги текстке гана тиешелүү;

49) 77-пунктта «белгилейт» деген сөз «белгилөөгө тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

50) 78 жана 79-пункттарда «жүргүзөт» деген сөз «жүргүзүүгө тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

51) 82-пунктта «сактайт» деген сөз «сактоого тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

52) 84-пунктта «маалымдайт» деген сөз «маалымдоого тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

53) 101-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Ар бир запас аэродромдо конууга кирүүнүн жана конуунун мүмкүнчүлүгүн же мүмкүн эместигин аныктоодо учуулардын коопсуздугунун жетиштүү деңгээлин камсыз кылуу максатында, эксплуатант аэродромдун эксплуатант тарабынан белгиленген эксплуатациялык минимумдарына кошулуучу булуттардын төмөнкү чегинин бийиктигинин жана көрүү аралыгынын тиешелүү кошумча маанилерин белгилөөгө тийиш.»;

54) 148-пунктта «I том» деген сөздөр: «III том» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

55) 150-пунктта «эксплуатациялоочу төмөнкүдөй эрежелерди белгилеши керек:» деген сөздөр: «эксплуатант төмөнкүдөй эрежелерди белгилөөгө тийиш:» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

56) 151-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Эскертүү. Учуу-конуу тилкесинин (ВПП) бетинин абалын баалоого, ВППнын абалынын кодун аныктоого жана ВППнын абалы жөнүндө билдирүү берүүгө коюлган талаптар КРАЭ-14 белгиленген.»;

57) 178-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- эксплуатанттан учуу убактысынын жана/же кызматтык учуу убактысынын жана кызматтык убакыттын максималдуу узактыгын, ошондой эле эс алуу убактысынын минималдуу узактыгын белгилөөнү талап кылат. Бул маанилер илимий принциптерге жана билимдерге негизделүүгө жана коопсуздукту камсыз кылуу процесстерин эске алууга тийиш;»;

58) 193-пунктта «тиешелүү мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы» деген сөздөр «аэродром мамлекети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

59) 201-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасында бир газ турбиналык кыймылдаткычы бар учактарды коммерциялык аба ташууларды аткаруу максатында эксплуатациялоого жол берилбейт.»;

60) 207-пункттагы өзгөртүү расмий тилдеги текстке гана тиешелүү;

61) 303-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2008-жылдын 1-июлунан кийин жекече учууга жарактуулук сертификаты биринчи жолу берилген жана бортунда 19дан ашуун жүргүнчүнү ташууга уруксат берилген бардык учактар төмөнкүдөй жабдуу менен камсыздалат:

- эгерде учакка 307-пункттун талаптарына ылайык келүү милдети коюлбаса – каалаган типтеги экинчи ELT же 307-пункттун талаптарына жооп берген түзүлүш орнотулат;

- эгерде учакка 307-пункттун талаптарына ылайык келүү милдети коюлса жана автоматтык ELT 307-пункттун талаптарына жооп бербесе – 307-пункттун талаптарына жооп берген түзүлүш орнотулат;

- эгерде учакка 307-пункттун талаптарына ылайык келүү милдети коюлса жана автоматтык ELT 307-пункттун талаптарына жооп берсе – каалаган типтеги экинчи ELT орнотулат.»;

62) 326-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Максималдуу тастыктамаланган учуп чыгуу массасы 5700 кгдан ашкан жана учууга жарактуулугу жөнүндө жеке күбөлүгү 2026-жылдын 1-январында же андан кийин биринчи жолу берилген бардык газ турбиналык кыймылдаткычтуу учактар учуу-конуу тилкесинен чыгып кетүү жөнүндө маалымдоо жана эскертүү тутуму (ROAAS) менен жабдылууга тийиш.

Эскертүү 1. ROAAS боюнча тиешелүү нускамалык материалдын үлгүсү EUROCAE ED-250 «Учуу-конуу тилкесинен чыгып кетүү жөнүндө маалымдоо жана эскертүү тутуму (ROAAS) үчүн минималдуу эксплуатациялык мүнөздөмөлөрдүн стандарттары (MOPS)» документинде камтылган.

Эскертүү 2. Эксплуатанттын ROAAS тутумун пайдаланууга карата талаптары PANS-OPS документинин III томунун 12-бөлүмүндө белгиленген.»;

63) 339-пункттагы «зарыл болгон учурда катталган мамлекет менен кеңешип» деген сөздөр алып салынсын;

64) 367-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Бардык модификациялар жана оңдоо иштери иштеп чыгуучу мамлекет тарабынан бекитилген жана Жарандык авиация башкармалыгы тарабынан кабыл алынган учууга жарактуулук талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Жарандык авиация башкармалыгы модификацияларды жана оңдоо иштерин кароо, таануу, ошондой эле алардын колдонулуучу учууга жарактуулук талаптарына шайкештигин ырастаган маалыматтарды сактоо боюнча жол-жоболорду белгилейт.»;

65) 384-пункттун о) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«квалификацияны ырастоо жана тиешелүү квалификациялык белгинин колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн, эгерде бул колдонулуучу талаптарда каралган болсо, учуу тренажерун пайдалануу менен ырааттуу 12 айдын ичинде кеминде бир жолу квалификациялык текшерүүнү (LPC — Licence Proficiency Check) жүргүзүү;»;

66) 413-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Учуу боюнча колдонмо өзгөртүүлөрдү өз убагында киргизүү аркылуу актуалдуу абалда сакталууга тийиш. Киргизилген бардык өзгөртүүлөр кароо жана макулдашуу үчүн милдеттүү түрдө Жарандык авиация башкармалыгына жөнөтүлүүгө тийиш.»;

67) 414-пункттун м) пунктчасында «каттоо мамлекетинин» деген сөздөр «Жарандык авиация башкармалыгын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

68) 442-пункттун а) пунктчасындагы «1–4-таблицасындагы» деген сөздөр алып салынсын, жана «талаптарга» деген сөз «талаптарына» деген сөз менен алмаштырылсын;

69) 446-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Учактын учуу боюнча колдонмосунда же учакты эксплуатациялоо боюнча башка көмөкчү документтерде иштеп чыгуучу мамлекет тарабынан бекитилген жана Жарандык авиация башкармалыгы менен макулдашылган жүк бөлүмүнүн (бөлүмдөрүнүн) өрткө каршы коргоо тутумунун элементтери жөнүндө маалымат, ошондой эле жүк бөлүмдөрүнүн өрткө каршы коргоосунун тастыктамалоо стандарттары боюнча кыскача маалымат камтылууга тийиш.»;

70) 448-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Аба кемелерин базалоо аэродромдун колдонуудагы жарактуулук сертификаты бар, ошондой эле базалануучу аба кемелеринин тибин жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен АПКР-14 талаптарына ылайык келген аэродромдо жүзөгө ашырылат.»;

71) 2-тиркеме 33-пункттан кийин төмөнкү мазмундагы 33.1-пункт менен толукталсын:

«Учуу-конуу тилкесинен чыгып кетүү жөнүндө маалымдоо жана эскертүү тутумун (ROAAS) пайдалануу боюнча принциптер, нускамалар, эрежелер жана окутууга коюлуучу талаптар.»;

72) 2-тиркеме 61-пункттан кийин төмөнкү мазмундагы 61.1-пункт менен толукталсын:

«ROAAS тутумун пайдаланууга тиешелүү маалымат, анын ичинде мындай тутумдар колдонулбаган учурларда.»;

73) 4-тиркеменин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасы эксплуатанттары тастыктамалоону жүргүзүүнү, алардын ишине туруктуу көзөмөлдү жүзөгө ашырууну жана Жарандык авиация башкармалыгы тарабынан аныкталган учуулардын коопсуздугу жаатындагы кемчиликтерди жоюуну жөнгө салууга мүмкүндүк берген мыйзамдарды кабыл алат.»;

74) 5-тиркемедеги Эксплуатациялык спецификациялардын форматына карата Эскертүүнүн 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Учууларды аткарууга уруксат берилген райондордун тизмеси (географиялык координаттар же конкреттүү маршруттар, учуу маалымат райондорунун чектери, мамлекеттик чек аралар же региондордун чектери көрсөтүлөт), анын ичинде Жарандык авиация органы тарабынан так аныкталган аэродромдун бийиктигине байланыштуу бардык чектөөлөр (мисалы, бийиктикте жайгашкан аэродромдор (HEA)), ошондой эле атайын уруксат талап кылынган белгиленген аба мейкиндиги (мисалы, Түндүк Атлантика регионунун жогорку аба мейкиндиги (NAT HLA)) көрсөтүлөт. Уруксат берилген учуу райондору эксплуатациялык спецификацияларга тиркемелерде келтирилиши мүмкүн.»;

75) 7-тиркемедеги А7-1-таблицанын 38*-сабында «0,1 мбар (0,01 дюйм 0.01 дюйм Hg)» деген маани «0,1 мбар (0,03 дюйм Hg)» деген мааниге алмаштырылсын;

76) 7-тиркемедеги А7-3-таблицанын 8-сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

8

Тышкы статикалык

басым (же

басымдын

бийиктиги)

34,4 мбар

(1,22 дюйм

Hg) 310,2

мбар (9,16

дюйм Hg) же

жеткиликтүү

сенсор

диапазону

1

Орнотууга

жараша (±1

мбар (0,3 дюйм

Hg) же ±30 м

(±100 фут) үчүн

±210 м сунуш

кылынат.

(±700

фут)

0,3 мбар (0,01

дюйм Hg) же

1,5 м (5 фут)