Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 23-июну № 41
“Жалгыз-Жаңгак айылында жаңы курулган мектепке ат коюу жөнүндө”
Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жангак айылында курулган жаңы мектепке Көк-Арт орто мектебинде география мугалими болуп иштеп эмгеги синген, эл агартуунун мыктысы Казакбаев Сапарбек агайдын атын коюп берүү жөнүндө Жалгыз-Жангак айылынын тургундарынын кайрылуусун жана Жалгыз-Жангак айылынын депутаттарынын сунушун Көк-Арт айылдык кеңешинин II-чакырылышынын депутаттары карап, талкуулап, Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалгыз-Жангак айылынын жаңы курулган жалпы билим берүүчү орто мектебине Сапарбек Казакбаевдин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Жаңы курулган жалпы билим берүүчү орто мектебине Сапарбек Казакбаевдин ысымын ыйгарып берүү боюнча сунуш Сузак райондук мамлекеттик адмнистрациясына жөнөтүлсүн.
3. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап, тиешелүү мамлекеттик мекемелерге сунуштоо жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнун башчысы О.Анаркуловго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.Э.Исмаилов
|