Редакцияот 26.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 26-октябры № 719

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 469 «Экспорттук контролдоо максатында жүргүзүлүүчү товарларды жана технологияларды көз карандысыз идентификациялоо системасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 63 «Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген сырьелордун жана материалдардын, жабдуулардын жана технологиялардын, илимий-техникалык маалыматтардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, аскердик, кош багыттагы продукциялардын жана интеллектуалдык иштин натыйжаларына карата тышкы экономикалык ишмердүүлүктү контролдоо механизмин өркүндөтүү максатында, «Экспорттук контроль жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 469 «Экспорттук контролдоо максатында жүргүзүлүүчү товарларды жана технологияларды көз карандысыз идентификациялоо системасы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уюмдар тарабынан уруксат алуунун эрежелеринде:

– 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү, бешинчи абзацтар менен толукталсын:

«Уруксат берүүчү документтин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин, анын колдонулушу эксперттик уюмдун арызынын негизинде ушундай эле мөөнөткө узартылат.

Ошол эле учурда мурдагы эки жыл ичинде мыйзамдарды бузуулары болбогон, кайрадан кайрылып жаткан арыздануучу үчүн уруксат берүү мөөнөтү 15 календардык күндөн ашпайт, ал эми документтердин пакети мурда берилген башка маалыматтар өзгөрүүсүз калган шартта, арыз, мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ жана иши жөнүндө отчет менен чектелет.»;

– 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Уруксатты берүү, кайра тариздөө же уруксат алган уюм жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ал тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына билдирилет.»;

– 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«19. Уруксатты колдонууну жокко чыгаруу же токтото туруу жөнүндө чечим ал кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан уюмга (тиешелүү негиздемеси менен) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына билдирилет.»;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Экспорттук контролдоо максатында контролдонуучу продукцияны идентификациялоо жөнүндө жободо:

– 1-пунктта «контролдонуучу продукцияны» деген сөздөрдөн кийин «эксперттик уюмдар тарабынан» деген сөздөр менен толукталсын;

– 2-пункттун бешинчи, алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«идентификациялык корутунду – ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксат берүүчү документи бар эксперттик уюм (идентификациялык борбор) тарабынан берилүүчү, объекттин талаптарга шайкештиги (же шайкеш келбестиги) жана экспорттук контролдоо жол-жоболорун колдонуу (же колдонбоо) зарылдыгы жөнүндө документ;