КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА
РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-сентябры № 117
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын
резервдерин толуктоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине келип түшкөн документтерди кароо боюнча жумушчу топтун 2026-жылдын 22-сентябрындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 11-августундагы жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Баткен, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Араван, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Ак-Талаа, Жумгал, Ат-Башы, Нарын, Нарын шаардык, Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас, Кант, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан талапкерлер 1-тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Москва жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлер 2-тиркемеге ылайык киргизилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Т. Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 30-сентябрындагы № 117 токтомуна 1-тиркеме |
Баткен облусу
Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү
№ | Аты-жөнү | Ким тарабынан көрсөтүлдү |
1 | Абжапарова Батма Маматовна | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
2 | Асамидинов Бурханидин Шарабидинович | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
3 | Ормонова Мукаддасхон Зайлобидиновна | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү
№ | Аты-жөнү | Ким тарабынан көрсөтүлдү |
1 | Касымов Нурсултан Сахабидинович | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
2 | Имарали уулу Мунарбек | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
3 | Абдимомунов Алтынбек Орозбекович | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
4 | Камбаров Акынбек Осконович | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү