Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 9-октябрындагы № 119 токтомуна тиркеме
"Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы" автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул "Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы" автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарынын, анын ичинде шайлоолорго жана референдумдарга катышуу укугунун ишке ашырылышын камсыздоо максатында иштелип чыкты. Жобо "Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы" автоматташтырылган маалыматтык тутумунун (мындан ары - МШМК АМТ) негизги максаттарын, милдеттерин, түзүү жана иштөө тартибин, ошондой эле катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2. Ушул Жободо пайдаланылган терминдер Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген маанилерде колдонулат.
3. МШМК АМТ майыптыгы бар шайлоочулар жөнүндөгү маалыматтарды чогултуу, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоо боюнча негизги процесстерди автоматташтырууну камсыз кылуучу тиешелүү маалыматтык тутумда электрондук түрдө сакталуучу түзүмдөштүрүлгөн маалыматтын (маалыматтардын) иреттелген жыйындысы болуп саналат.
4. МШМК АМТ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт.
5. Борбордук шайлоо комиссиясы МШМК АМТнын ээси болуп саналат жана анын иштешин, санариптик туруктуулугун жана жеке мүнөздөгү маалыматтын корголушун камсыз кылат. Тутумду башкаруунун алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы колдонуучулардын кирүү тартибин аныктайт, техникалык модернизациялоону жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине жана башка мыйзамдарына ылайык тутумду эксплуатациялоо үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- майыптыгы бар шайлоочу - активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, ден соолугунун бузулушунан улам организмдин функциялары туруктуу бузулган, жаракаттардын кесепеттеринен же кемтиктерден улам келип чыккан, угуу, көрүү, таяныч-кыймыл аппараты бузулган, жалпы шарттарда шайлоо укуктарын толук ишке ашырууга чектөөлөрдү жараткан Кыргыз Республикасынын жараны;
- майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы - шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүк инфраструктурасын камсыз кылуу, муктаждыктарына талдоо жүргүзүү максатында тиешелүү шайлоо комиссиясы (аймактык шайлоо комиссиясы - АШК/округдук шайлоо комиссиясы - ОШК) тарабынан социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөлөрү менен биргеликте түзүлгөн, шайлоо участоктору боюнча майыптыгы бар шайлоочулар жөнүндө маалыматтар;
- шайлоо участогунун жеткиликтүүлүгү - майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо процессине катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоочу шарттардын жыйындысы;
- жеткиликтүүлүк инфраструктурасы - майыптыгы бар шайлоочулардын добуш берүүгө тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кыла турган шайлоо участогунун материалдык-техникалык каражаттарынын жана элементтеринин жыйындысы;
- маалыматтык тутумдардын интеграциясы - ведомстволордун маалыматтык тутумдарынын ортосунда маалыматтарды автоматташтырылган алмашуу процесси;
- МШМК АМТнын санарип ресурсунун ээси - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы;
- жеке жазмалардын ээси - жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун максаттарын жана ыкмаларын аныктоочу социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- МШМК АМТнын модулдары - АМТнын өз алдынча бөлүктөрү же болбосо белгилүү бир багыты бар жана ички түзүмгө ээ болгон башка программалык модулдардан автономдуу түрдө берилген иштеп чыгуу функцияларын камсыз кылуучу АМТнын ички бөлүгү;
- МШМК АМТнын колдонуучулары - МШМК АМТга тиешелүү жеткилиги бар болгон жана майыптыгы бар шайлоочулар үчүн зарыл чараларды жүзөгө ашыруу үчүн иш-чараларды жүргүзүүгө жана аткарууга жооптуу болгон тиешелүү шайлоо комиссиясынын кызматкерлери.
2. МШМК АМТны пайдалануунун максаттары жана милдеттери
7. МШМК АМТнын негизги максаты майыптуулугу бар шайлоочулар жөнүндө санариптик маалыматтарды иштеп чыгуу, шайлоо участоктору боюнча муктаждыктар картасын түзүүнү автоматташтыруу жана шайлоо процессинин инклюзивдүүлүк деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
8. Төмөнкүлөр МШМК АМТнын негизги милдеттери болуп саналат:
1) Борбордук шайлоо комиссиясынын майыптыгы бар шайлоочулардын бирдиктүү маалыматтар базасын жүргүзүү жана аларды тийиштүү түрдө эсепке алуу чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгүн автоматташтыруу;
2) шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарынын тоскоолдуксуз ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн башкаруу органдарынын натыйжалуу жана туруктуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү;
3) майыптык категориясына ылайык майыптыгы бар шайлоочулардын жекече муктаждыктар картасын түзүүнү автоматташтыруу;
4) шайлоо участогунун жеткиликтүүлүгү, жеткиликтүүлүк инфраструктурасынын жабдылышы жөнүндө маалыматтарга мониторинг жүргүзүү;
5) шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүк инфраструктурасын пландаштыруунун сапатын жогорулатуу;
6) статистикалык отчётторду даярдоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, МШМК АМТда жайгаштырылган маалыматтын негизинде майыптыгы бар шайлоочуларды аймактык бөлүштүрүү;
7) МШМК АМТнын түзүлгөн модулдары боюнча борборлоштурулган маалыматтар базасын түзүү;
8) шайлоо комиссияларынын майыптыгы бар шайлоочулар менен иштөөсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.