Редакцияот 17.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү І -сессиясы

 

2021-жылдын 17-майындагы № 1/1

 

Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүү жыйынтыктары жана эсептөө комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

 

Депутаттардын айыл аймактык кеңеши Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 37-беренесинин 4,5,6,7-пунктарына ылайык жана Кош-Дөбө айылдык Кенешинин Регламентинин 5-главасынын негизинде жабык жашыруун түрдө добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жана эсептөө комиссиясынын 17-май 2021-жылдагы № 1 протоколунун негизинде Кош-Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн Жыйынтыктары жөнүндө эсептөө комиссиясынын 17-май 2021-жылдагы №1 протоколу бекитилсин.

2. Айыл аймактык Кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк 8 добуш алган депутат Казиев Бакытбек Асимжанович төрага болуп шайланды деп табылсын.

3. Бул токтом Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

 

 

Депутат, сессияга төрагалык кылуучу

 

Раматов Кенжебек