Редакцияот 28.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IV -сессиясы

 

2021-жылдын 28-июнундагы № 4/9

 

Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын элесине арналган эстеликтин күн чыгыш тарабына аскердик техника коюуга жер тилкесин бөлүп берүү боюнча Кош-Дөбө айылдык Кенеши токтом кылат:

 

 

1. Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын элесине арналган эстеликтин күн чыгыш тарабына аскердик техникасын орнотууга жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

2. Бөлүнгөн жер аянтынын иш кагаздарын мыйзамга ылайык алып баруу жагы жетектөөчү адис Аскарбек уулу Ноорузга милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмө жагы айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Талгарга тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Б.Казиев