Редакцияот 21.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXII КЕЗЕКCИЗ СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 21-сентябры № 144/22-6

Токмок токой чарбасына караштуу, аянты 3,57 га жер тилкесинин зоналдык категориясын Р-1 зонасынан Р-3 зонасына которуу жана “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25‑беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 24-августундагы №1-13/5248 катынын, Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу боюнча комиссиянын протоколунун, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча жана ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык биргелешкен комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 10-сентябрындагы №4 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Токмок шаардык кеңешинин 2006-жылдын 26-апрелиндеги № 146/28-1 токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25‑беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

Токмок токой чарбасына караштуу № 5 кварталында жайгашкан, аянты 3,57 га

- 19, 20, 21, 23 бөлүгүндө аянты 2,17 га;

- 18, 19, 20, 21, 22 бөлүгүндө аянты 0,90 га;

- 18, 23 бөлүгүндө аянты 0,50 га жер тилкелери Р-1 (шаар паркы зонасы) зонасынан Р-3 (мамлекеттик токой фондусунун зонасы) зонасына которулсун.

2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.

2026-жылдын 29-сентябрында http://gk.tokmokcity.kg/4932 расмий сайтында жарыяланды

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча жана ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык биргелешкен комиссиясына жүктөлсүн.

                                            

 

Төрага

 

М.Т. Тынайбеков