ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 21-сентябры № 145/22-6
Шаар куруу жана архитектура департаментинин Токмок шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын административдик имаратына чектеш аймакта, Токмок шаары, Жантаева көчөсү номуру жок дарегинде жайгашкан, аянты 623,0 чарчы метр жер тилкесин унаа токтоочу жайды жана көрктөндүрүү үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 28-авгувстундагы №1-13/5386 катынын, Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу боюнча комиссиянын протоколунун, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 10-сентябрындагы №30 протоколунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Токмок шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын административдик имаратына чектеш аймакта, Токмок шаары, Жантаев көчөсү, н/ж дарегинде жайгашкан 623,0 чарчы метр жер тилкесин унаа токтотуучу жайды жана көрктөндүрүү үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеӊешинин сайтына жарыялансын.
2026-жылдын 29-сентябрында http://gk.tokmokcity.kg/4935 расмий сайтында жарыяланды
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Т. Тынайбеков |