АЛТЫН-АРАШАН
АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
Айылдык кеңеши
Т О К Т О М
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2026жылдын 09 октябрь №35
Сары-Жаз өрөнүндөгү жаны салынга көпүрөөгө
ысым ыйгаруу жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү кеӊеш, Алтын-Арашан айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовдун 2026-жылдын 08-октябрындагы № 01-06-3298, Сары-Жаз өрөөнүндөгү жаны салынган көпүрөнүн атын Зайнулин атындагы көпүрө деп атын койуп берүү боюнча жана Кыргыз Республкасынын “Географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, каттоо жана эсепке алуу боюнча” жобосунун 7 п. жетекчиликке алып, Муниципалдык менчик жаратылыш ресурстары экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбалар маселелер боюнча комиссиясынын корутундусун талкуулап, таанышып чыгып Алтын-Арашан жергиликтүү кеӊеш токтом кылат:
1.Сары-Жаз өрөөнүндөгү жаны салынган көпүрөнүн атын Зайнулин атындагы көпүрө деп ысымын ыйгарууга макулдук берилсин
2.Ушул токтомду Алтын-Арашан айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялансын, каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн тийешелүү юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Ж.Батамбековага милдеттендирилсин
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго жүктөлсүн
Төрага А.Р Токомбаев