Редакцияот 29.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

 

 

АЛТЫН-АРАШАН

АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

Айылдык кеңеши

                                                      

                                                  Т О К Т О М

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2026жылдын        09   октябрь     №   36                               

Муниципалдык менчикке кабыл  алууга

макулдук берүү  жөнүндө

 

         Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, айыл өкмөт башчысы Э.Кулетов 2026-жылдын 09 октябрь № 01-06-3297, Сары-Жаз өрөөнүндөгү “Эчкилиташ” чек ара бөлүмчөсүнүн 10 000м² жер тилкесин жана имарат курулмалары менен мунципалдык менчикке кабыл алуу боюнча кайрылуусун карап, таанышып талкулап чыгып,   Кыргыз Республикасынын “Мүлккө мунципалдык менчикке жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин жетекчиликке алып, Алтын-Арашан жергиликтүү кеӊеш токтом кылат:

 

       1.Сары-Жаз өрөөнүндөгү “Эчкилиташ” чек ара бөлүмчөсүнүн 10 000м² жер тилкесин жана имарат курулмалары менен мунципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин

      2.Алтын-Арашан айыл өкмөтүнүн мамлекеттик бирдиктүү реестирине киргизүү жагы айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин

      3.Ушул токтомду Алтын-Арашан айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялансын, каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн тийешелүү юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Ж.Батамбековага милдеттендирилсин

      4.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго  жүктөлсүн.

 

Төрага                                            А. Токомбаев