Редакцияот 21.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 21-сентябры № 146/22-6

Токмок шаары, Шамшы көчөсүндө жайгашкан тышкы суу түтүгү тармагынын бөлүгүн алмаштыруу иштерин жүргүзүү үчүн 22 774 800 сом суммасында акча каражатын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү менен каржылоого Токмок ш.мэриясына макулдук берүү жана Токмок шаардык кеӊешинин 2026-жылдын 16-февралындагы №106/18-6 “2026-жылга карата Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндө”токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 24-августундагы №1-13/5264 катынын жана Токмок шаардык кеӊешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 01-сентябрындагы №33 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылдын 16-февралындагы №106/18-6 “Токмок шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга карата болжолу жөнүндө” токтомунун “Токмок шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жана 2027-2028-жылдарга болжолунун” 1-тиркемесинде төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- “Салык агенти төлөөчү киреше салыгы” 11111100 беренеси боюнча “330 727,0” деген  цифра “393 501,8” деген цифрага алмаштырылсын.

2. Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылдын 16-февралындагы №106/18-6 “Токмок шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга карата болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджеттик каражаттарды которууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.

3. Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн 22 774,8 миң сомго көбөйтүү менен төмөнкүлөрдү каржылоого Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин:

Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы – 22 774,8 миң.сом төмөнкү беренелер боюнча:

- “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренеси – 22 774,8 миң сом (Токмок шаарындагы Шамшы көчөсүндө жайгашкан тышкы суу түтүгү тармагынын бөлүгүн алмаштыруу иштерин жүргүзүү үчүн).

4. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.) тиешелүү өзгөртүүлөрдү ушул токтомдун пунктарына ылайык жүргүзсүн.

5. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.

2026-жылдын 29-сентябрында http://gk.tokmokcity.kg/4938 расмий сайтында жарыяланды

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

М.Т. Тынайбеков