Редакцияот 23.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ІІІ-сессиясы

 

2021-жылдын 23-июнундагы № 3/5

 

Кыргыз Республикасынын Каржы министирлигинин түрткү берүүчү гранттын эсебинен Кара-Күңгөй айылына мини футбол аянтчасын курууга өздүк салым каражатын табуу үчүн Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXV-сессиясынын 19-январь 2022-жылдагы №35/142 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кош-Дөбө айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы С Капаровдун маалыматын угуп жана талкулап, Кош-Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Каржы министирлигинин түрткү берүүчү гранттын эсебинен Кара-Күңгөй айылына мини футбол аянтчасын курууга өздүк салым каражатын табуу үчүн Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXV - сессиясынын 19-январь 2022-жылдагы №35/142 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.

2. Мамлекеттик кызматтын 70111 раздели 2215-статьясынан 30.0 миң сом, 2222- статьясынан 170,5 миң сом, баардыгы 200.5 миң сом кыскартылып, 3111- . статьясына 200.5 миң сом кошулуп берилсин

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Каржы Министирлигинин Кочкор башкармалыгына жиберилсин жана жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө ушул токтомго ылайык келтирүү жагы суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБнө тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Б.Казиев