КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ІIІ-сессиясы
2021-жылдын 23-июнундагы № 3/4
Айылдык өнүктүрүү программасына "Демилгелүү жумушчу тобунун проблемаларын чечүү үчүн инвестициия долбооруна киргизүү” жөнүндө
Депутаттардын VII-чакырылышынан шайланган Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Талгар айыл аймагында лидер жаштарынан түзүлгөн демилгелүү жумушчу тобу элет жериндеги жаштардын активдүүлүгүн көтөрүү жаштардын проблемаларын чечүү, айылды өнүктүрүү программасына киргизүү, долбоор тарабынан инвестиция тартуу жөнүндө маалыматтын угуп талкуулап депутаттардын Кош-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын активдүү лидер жаштарынын түзүлгөн демилгелелүү тобу түзүлүп бекитилсин.
2. Кош-Дөбө айыл аймагынын түзүлгөн "Демилгелүү жумушчу " тобу, айылдын жаштары аныкталган проблемаларын чечүү үчүн долбоор тарабынан инвестиция тартып келүү жана сунуштоо жагы "Демилгелүү жумушчу" тобунун башчысы Жекшенбек кызы Айнурага милдеттендирилсин.
3. "Демилгелүү жумушчу тобу" сунуштаган 5 (беш) сунуш, социалдык өнүгүү программасына тиркеме ылайык киргизилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы экономика, финансы бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Талгарга тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Казиев |