КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-октябры № 664
Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо жана радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна тооруктарды өткөрүү маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 181, 182-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Радио жыштык спектрин пайдалануу укугуна тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 9-тиркемесинде:
– 10-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
– 27, 29-главалары күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 «Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-ноябрындагы № 601 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 «Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 64 «Банкроттук жана лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;