Редакцияот 21.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 21-сентябры № 148/22-6

Токмок шаарынын калкын жылуулук энергиясын өндүрүүгө жана  камсыздоого “Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы” муниципалдык ишканасынын иш жүзүндөгү чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн: жүктөлгөн мазут үчүн «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун алдындагы кредитордук карызды андан ары төлөө үчүн республикалык бюджеттен 9 307 767 сом суммасында максаттуу трансферттерди багыттоого макулдук берүү жөнүндө, «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун алдындагы кредитордук карызды андан ары төлөө үчүн республикалык бюджеттен 250 054 970 сом суммасында максаттуу трансферттерди багыттоого макулдук берүү жөнүндө жана 130 938 150 сом суммасында максаттуу трансферттерди багыттоого макулдук берүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 17-сентябрындагы №1-13/5775 катынын жана Токмок шаардык кенешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 18-сентябрындагы №34 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркулуу, «Каржылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар» 2511 беренеси боюнча, Токмок шаарынын калкын жылуулук энергиясын өндүрүүгө жана камсыздоого «Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы» муниципалдык ишканасынын иш жүзүндөгү чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн (жүктөлгөн мазут үчүн «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун алдындагы кредитордук карызды андан ары төлөө үчүн) республикалык бюджеттен 9 307 767 сом суммасында максаттуу трансферттерди багыттоого макулдук берилсин.

2. Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркулуу, «Каржылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар» 2511 беренеси боюнча, Токмок шаарынын калкын жылуулук энергиясын өндүрүүгө жана камсыздоого «Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы» муниципалдык ишканасынын иш жүзүндөгү чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн («Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун алдындагы кредитордук карызды андан ары төлөө үчүн) республикалык бюджеттен 250 054 970 сом суммасында максаттуу трансферттерди багыттоого макулдук берилсин.

3. Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркулуу, «Каржылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар» 2511 беренеси боюнча, Токмок шаарынын калкын жылуулук энергиясын өндүрүүгө жана камсыздоого «Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы» муниципалдык ишканасынын иш жүзүндөгү чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн республикалык бюджеттен 130 938 150 сом суммасында максаттуу трансферттерди багыттоого макулдук берилсин.

4. «Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы» муниципалдык ишканасынын директору (Чойбеков Р.К.) болүнгөн каражаттарды багыты боюнча так колдонсун.

5. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кенешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

М.Т. Тынайбеков