Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Сырт Арчалы айылынан турак-жай куруу үчүн таратыла турган жер тилкесинин өлчөмүн белгилеп берүү жөнүндө токтому
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Сырт Арчалы айылынан
турак-жай куруу үчүн таратыла турган жер тилкесинин
өлчөмүн белгилеп берүү жөнүндө
2026-жылдын 16-июлу № 25
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесинин 9 пунктуна ылайык, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Сырт-Арчалы айылынан турак-жай куруу үчүн таратыла турган жер аянтынын өлчөмүн бекитип берүү боюнча Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Бекказиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши токтом кылат:
1. Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Сырт-Арчалы айылынан турак-жай куруу үчүн таратыла турган жер аянтынын өлчөмү 0,07 га өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыровко, көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин жер, талаачылык, жайыт, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Э.Кыдыев