ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 21-сентябры № 150/22-6
“Токмок Тазалык” МИсынын ишмердүүлүгүн кайра жандандыруу үчүн ишканага кредиттик ссуда 8430,5 млн.сом бөлүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жана Токмок шаардык кеӊешинин 2026-жылдын 16-февралындагы №106/18-6 “2026-жылга карата Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 26-августундагы №1-13/5359 катынын жана Токмок шаардык кенешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 01-сентябрындагы №33 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууну жүргүзүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин:
- Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы боюнча “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесинен «Кредиттер, ссудалар жана насыялар» 3214 беренесине 8430,5 (сегиз миллион төрт жүз отуз миң беш жүз) миң сом (“Токмок Тазалык” муниципалдык ишканасына насыя берүү 1100 литр көлөмдөгү 300 контейнер жана дизелдик күйүүчү май сатып алуу үчүн).
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.) тиешелүү өзгөртүүлөрдү ушул токтомдун пунктарына ылайык жүргүзсүн.
3. Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (Чанчаров Б.А.) “Токмок Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн кайра жандандыруу үчүн ишканага кредиттик ссуда бөлүп берүү боюнча иш алып барсын.
4. “Токмок Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору (Батырканов С. Ч.):
- бөлүнүп берилген бюджеттик каражаттарды бекитилген сметага ылайык максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын;
- Токмок шаарынын мэриясына жана Токмок шаардык кеңешине бөлүнүп берилген финансылык каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчету белгиленген тартипте берилсин.
5. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеӊешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Т. Тынайбеков |