Редакцияот 24.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 24-октябры № 718

 

 

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын аймагында жайгашкан, жеке менчик укугунда жарандарга таандык болгон жер тилкелерин (үлүштөрүн) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер тилкелерине алмаштыруу жөнүндө

 

 

Жер мамилелерин жөнгө салуу жана жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18, 19, 20, 28, 73-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын Киров жана Эркин айылдарынын аймагындагы № 93, 198, 199, 200 контурларда жайгашкан, жалпы аянты 47, 40 га жер тилкелерин (үлүштөрүн) менчик ээлеринин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын аймагында жайгашкан, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун төмөнкү жер тилкелерине алмаштыруу жөнүндө сунушу кабыл алынсын:

1) № 6, 7, 119 контурлардагы (Присавай айылы);

2) № 153, 202 контурлардагы (Эркин айылы);

3) № 255 контурдагы (Коңурат айылы).

2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы Кара-Суу шаарынын мэриясы менен биргеликте белгиленген тартипте:

1) жеке менчикте турган жер тилкелерин мамлекеттик менчикке кабыл алуу менен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелерин алмаштыруу келишимдерин түзсүн;

2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелерин алмаштыруу жол-жобосу аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын Киров жана Эркин айылдарынын аймагындагы № 93, 198, 199, 200 контурларда жайгашкан, жалпы аянты 47, 40 га жер тилкелерин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы менен биргеликте белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелеринде тиешелүү жерге жайгаштыруу иштерин жана укуктарды мамлекеттик каттоону жүргүзсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары

 

Д.Амангельдиев