КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз XXIII сессиясынын
2026-жыл 7-октябры №127
Токтомду жокко чыгаруу жөнундө
Көк-Арт айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-июнундагы Жалгыз-Жаңгак айылында курулган жаны мектептин имаратына ат коюу жөнүндө № 41 токтомун жокко чыгарууну талап кылып Сузак райондук прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 25-сентябрындагы чыгыш № 26/143-07-11/1-3-02481 сандуу каты менен келген Каршылык билдирүүсүн Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттары карап чыгып, талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин кезексиз XXIII-cессиясы токтом кылат:
1. Сузак райондук прокуратурасынын Каршылык билдирүүсүн жетекчилике алып, Көк-Арт айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-июнундагы Жалгыз-Жаңгак айылында курулган жаны мектептин имаратына ат коюу жөнүндө № 41 токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага
|
К. Э. Исмаилов |