Редакцияот 26.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 26-октябры № 364

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары

менен сыйлоо жана ардак наамын ыйгаруу жөнүндө

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүн белгилөөгө арналган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн:

«Эмгек Баатыры» Кыргыз Республикасынын

артыкчылык даражасы ыйгарылсын

Касымалиев Адылбек Алешовичке

–

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;

 

сыйлансын:

 

I даражадагы «Манас» ордени менен:

 

Джунушалиев Айбек Джанышбекович

–

Бишкек шаарынын мэри;

 

 

Ниязбеков Улан Омоканович

–

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги;

 

Туманбаев Каныбек Тургунбекович

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу;

III даражадагы «Манас» ордени менен

 

Маматканов Улан Эркинович

–

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

 

«Даңк» ордени менен:

 

Аденов Нурсултан Нурланович

–

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси;

 

Алмазбеков Даврон Асхатович

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын протокол кызматынын жетекчиси;

 

Бийбосунов Адылбек Качкынбекович

–

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору;

 

Исаков Данияр Учкунбаевич

–

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын кол башчысы, гвардиянын полковниги;

 

Кутманов Алтынбек Аскарович

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

 

Козубаев Шайлообек Жаланович

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

 

Мамбеталиев Мирбек Кемелович

–

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри;

 

Урмамбетов Октябрь Джолдошович

–

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору;

 

Усупов Эраслан Чүкөбаевич

–

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын орун басары, подполковник;

 

Шайбеков Алмаз Бактыбекович

 

–

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, полковник;

 

Шамыралиев

Жыргалбек Джумадилович

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору;

 

«Кыргыз Республикасынын эл артисти»

ардак наамы ыйгарылсын

 

Атабеков Мирбек Бообековичке

–

эстрада ырчысы;

 

 

«Ардак» медалы менен сыйлансын:

 

Абдыбеков Урмат Насыпбекович

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин контролдоо башкармалыгынын коргоо, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

 

Абдырахманов

Каныбек

Кадыркулович

–

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги;

Абиров Анарбек Болотбекович

–

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун филиалынын Ысык-Көл электр тармактары ишканасынын Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын начальниги;

 

Айтиев Тариел Жолдошбекович

–

Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин администрациялык районунун башчысы;

 

Алыбаев Дамир Картанбаевич

–

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кол башчысы, полковник;

 

Асанбеков Билим Базаркулович

–

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын күжүрмөн камсыздоо башкармалыгынын башчысы, полковник;

 

Бабаканова Назгүл Айтбосуновна

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчисинин орун басары;

 

Бекбоев Данияр Тимурович

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;

 

Бектуров Азиз Азаматович

–

«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун авиациялык коопсуздук кызматынын кезмет башчысы;

 

Борисов Егор

Юрьевич

–

Бишкек шаарынын Тез медицина борборунун директору;

 

Боронов Мурат Самидинович

–

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору;

 

Дадиев Жайылбек

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин контролдоо башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн инспектору;

 

Далиев Уланбек Эшенович

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы;

 

Жаналиев Азамат Шейшеналыевич

–

«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун администрациялык-чарба кызматынын начальниги;

 

Жоробеков Алмаз Болотбекович

–

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкери;

 

Жумадылова Каныкей Каныбековна

–

«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун уюштурууну камсыздоо, маркетинг жана расмий делегацияларды тейлөө башкармалыгынын начальниги;

 

Ибраимов Азат Эмильбекович

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун директору;

 

Иштыбаев Самат Мусадинович

–

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасынын директору;

Карабаев Канат Абдулазизович

–

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери;

 

Козукеев Азенбек Рахматилаевич

–

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги;

 

Курамаев Азамат Азимович

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын эксперти;

 

Момбеков Бактылуу Аскар уулу

–

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

 

Нуралиев Марат Суюнбекович

–

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун командири, милициянын полковниги;

 

Оморов Максат Адылович

–

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын инспектору;

 

Ормонов Жапарбек Туратович

–

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким;

 

Орозобеков Уран Курманалыевич

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин контролдоо башкармалыгынын коргоо, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору;

 

Өмүрбеков Улукбек Нарынбекович

–

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору;

Рахманов Сталбек Кенешбекович

–

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын полковниги;

 

Сарылбек уулу

Улан

–

Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май администрациялык районунун башчысы;

 

Султанов Уланбек Жергазарович

–

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору;

 

Сыдыгалиев Ильгиз Манатбекович

–

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору;

 

Толонов Расул Арапбаевич

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын протокол кызматынын жетекчисинин орун басары;

 

Турдугулов Бакай Болотович

–

Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары;

 

Узбеков Урмат Толонбекович

–

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысынын биринчи орун басары – штаб башчысы, полковник.