Редакцияот 26.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 26-октябры № 764-VIII

2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине экономика

тармактарын жана калкты даярдоо боюнча

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

тарабынан жүргүзүлгөн иштер жөнүндө

2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын даярдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын даярдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине төмөнкүлөр сунушталсын:

– 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү, ошондой эле авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана келип чыгышына жол бербөө максатында пландаштырылган капиталдык жана учурдагы оңдоо иштерин толук көлөмдө аяктоо;

– республикалык маанидеги автомобиль жолдорун жана ашууларды тазалоо иштеринин үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыз кылуу;

– Кыргыз Республикасынын энергетикалык тутумуна электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭЭКЭАТ) орнотуу боюнча иш-чараларды ишке ашырууну тездетүү;

– 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде энергетикалык тутумдун туруктуу иштөөсүн, республиканын экономикасын жана калкын электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздоо, ошондой эле негизсиз өчүрүүлөргө жол бербөө;

– калкты сапаттуу көмүр менен туруктуу баада камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүү;

– Бишкек шаарынын ЖЭБине көмүр ташуу үчүн зарыл болгон санда жарым вагондордун өз убагында берилүүсүн камсыз кылуу;

– бюджеттик мекемелердин керектелген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн дебитордук карыз болушуна жол бербөө боюнча чараларды көрүү;

– тышкы абанын суткалык орточо температурасы туруктуу төмөндөгөнгө чейин саламаттык сактоо жана билим берүү объекттерин көмүр менен биринчи кезекте камсыздоону алдын ала караштыруу менен, бюджеттик уюмдарды көмүр менен камсыз кылуу иштерин толук көлөмдө аяктоо;