Редакцияот 27.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 27-октябры № 721

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 283 "Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

Бишкек шаарын туруктуу шаар куруучулук өнүктүрүүнү камсыз кылуу, жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 37-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 283 "Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- 4-пунктта "алты айлык мөөнөттө" деген сөздөр "2027-жылдын 1-сентябрына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев