БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-октябры № 7-НПА
Аламүдүн районунда, Арашан айыл аймагында, Беш-Күңгөй жана Орто-Сай участокторунда (Боз-Бөлтөк тоосу) жайгашкан жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, жер участокторун натыйжалуу пайдалануу, жашыл аймактарды кеңейтүү жана шаардык инфраструктураны комплекстүү өнүктүрүү максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу» токтомун жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана жер участокторун натыйжалуу пайдалануу максатында, Аламүдүн районунда Арашан айыл аймагында, Беш-Күңгөй жана Орто-Сай участокторунда (Боз-Бөлтөк тоосу) жайгашкан, аянты 32,75 га жер участогун Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгыбелгиленген тартипте бул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын контролдоо жана уюштуруу иштери башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары, мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу |
|
К.Б. Иманалиев |