ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган XXXV сессиясы
2021-жылдын 23-апрелиндеги № 8
Тогуз-Торо райондук “Таза кызмат” муниципалдык ишканасы менен келишим түзүү жөнүндө
Тогуз-Торо райондук “Таза кызмат” муниципалдык ишканасы менен Ленин айылынын таштандыларын чыгаруу үчүн келишим түзүү керектиги жѳнүндѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.С.Кѳчѳрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин XXXV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ленин айылынын турмуш-тричилик таштандыларын Тогуз-Торо райондук “Таза кызмат” муниципалдык ишканасы аркылуу чыгартуу үчүн айыл тургундары менен эки тараптуу келишим түзүлсүн.
2. “Таза кызмат” муниципалдык ишканасына тѳлѳмдѳр ар бир жаранга 20 сомдон тарифтер бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика,мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин тѳрагасы |
| Р.Ө. Ажыбаев |