Редакцияот 01.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган ХХХI сессиясы

 

 

2020-жылдын 1-декабрындагы № 1

 

Тогуз-Торо айыл аймагын инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык ѳнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

 

Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кѳчѳрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган ХХХI сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Тогуз-Торо айыл аймагын 2021-2023-жылдар мезгилине карата инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык ѳнүктүрүү программасы бекитилсин. (программа тиркелет)

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин тѳрагасы

 

Р.Ө. Ажыбаев