КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-октябры № 128
Чүй жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын
резервдерин толуктоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине келип түшкөн талапкерлердин документтерин кароо боюнча жумушчу топтун 2026-жылдын 20-октябрындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 28-сентябрындагы жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Чүй жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан талапкерлер тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Т. Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 30-октябрындагы № 128 токтомуна тиркеме
|
Чүй облусу
Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрү
№ | Аты-жөнү | Ким тарабынан көрсөтүлдү |
1. | Касымбекова Бегаым Каныбековна | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
2. | Рысалиев Дуйшонбек Сайникеевич | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
3. | Алтыбаева Аида Сагынбековна | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
4. | Турдиева Жыпаркүл Курманбековна | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
5. | Шаабаева Айнагуль Абдулказиевна | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
6. | Айтбаева Гулукан Токтоналиевна | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
7. | Шамшидинов Кубанычбек Рыскулович | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
Жалал-Абад облусу
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрү
№ | Аты-жөнү | Ким тарабынан көрсөтүлдү |
1. | Абдуназарова Муяссархон Сайдаматовна | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
2. | Худайбердиев Икрамжан Рахимбердиевич | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |