КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-ноябры № 794-VIII
«Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 22-сентябрындагы чыг. № 18-11689) «Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Жогоруда аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М. Кудайбердиев, М.А. Маматалиев, Б.А. Ибрагимов, К.А. Талиева, А.Т. Түмөнбаев, Т.А. Масабиров, Т.А. Ашымбаева, Б.Т. Сагынаев, А.А. Козуев, Ж.Ж. Аматов, У.К. Жаанбаев, И.Э. Жороев, Ы.Ы. Атажанов, Г.С. Молдобекова тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө», «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.К. Жеенчороев, М.А. Маматалиев, А.М. Кудайбердиев, М.Дж. Алымбеков, К.А. Талиева, Д.Д. Бекешев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору менен бириктирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети бириктирилген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Б.А. Ибрагимов |