Момбеков айылдык кеңешинин 2026-жылынын 01-октябрындагы №1 «Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
МОМБЕКОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын
кезектүү XX-сессиясынын
2026-жыл 01-октябрындагы №1
Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө
өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78 жана 79-беренелерине, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетине озгөртүү киргизүү максатында Момбеков айылдык кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 20-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине чыгаша бөлүмүнө өзгөртүү киргизилсин.
2. Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетине кошумча булактардан түшкөн акча каражатынан Дет-сад 3111 беренесине Наристе балдар бакчасынын ашканасынын ремонттоо иштерине 749799 (жети кырк тогуз миң жети жүз токсон тогуз) сом, ЖКХ 3111 беренесине Бостон ФАПтын айланасынын тосмосуна 287999 (эки жүз сексен жети миң тогуз жүз токсон тогуз) сом, ЖКХ 2221 беренесине Бостон айылындагы сел каналдагы көпүрөнүн капиталдык ремонт иштерине 600000 (алты жүз миң) сом, ЖКХ 2221 беренесине Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу максатында 945000 (тогуз жүз кырк беш миң) сом жалпы сумма 2 582798 (эки миллион беш жүз сексен эми миң жети жүз токсон сегиз) сом кошумча ака каражаттар которулсун.
3. Айыл өкмөтүнүн ФЭБнө тиешелүү бюджеттик өзгөртүүлөрдү мыйзам талаптарына ылайык жүргүзсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
И. Абдразак уулу |