ПриказКүчүнө кире элек

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2026-жылдын 5-ноябры № 4 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-декабрындагы №9-Б»Преференцияларды колдонуу боюнча методикалык нускаманы бекитүү жөнүндө«буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйругу

Редакцияот 05.11.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

2026-жылдын 5-ноябры № 4

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-декабрындагы №9-Б “Преференцияларды колдонуу боюнча методикалык нускаманы бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Ченемдик укуктук актыларды “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен буйрук кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-декабрындагы №9-Б “Преференцияларды колдонуу боюнча методикалык нускаманы бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген Преференцияларды колдонуу боюнча методикалык нускамага төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 5-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Сатып алуу жөнүндө документтерди иштеп чыгууда төмөнкүдөй талаптар каралат, алар преференцияларды колдонууга ырастоочу документтер болуп саналат:”;

- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“6. Алдыда боло турган сатып алуулар жөнүндө кулактандырууну жарыялоодо преференция берүү жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.”.

2. Укуктук камсыздоо башкармалыгы:

1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жарыяласын;

2) бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.

3. Басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сайтына расмий жарыялоону камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти ушул буйрукка ылайык преференцияларды колдонуу боюнча сатып алуучу уюмдардын ишин координациялоону жана жөнгө салууну жүргүзсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары У.И.Календеровго жүктөлсүн.

6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Министр

 

Р.М. Суйналиев