Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-январы № 21-1
Мечит салуу жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Чеч-Дөбө айылынын күнгөй тарабындагы жшаган 86 адам айыл кеңешинин депутаттарына мечит салуу үчүн эч кимге тиешеси жок кайрак жерден 0,10 га жер ажыратып берүү жөнүндө атайын арыз менен кайрылышкан ошол арызды канаттандыруу максатында Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Чеч-Дөбө айылынын күнгөй тарабындагы жашаган 86 адамдын колу коюлган арызын канааттандыруу максатында эч кимге тиешеси жок таштак, кум басып жаткан жерден өздөштүрүп мечит салуу үчүн 0,10 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылып берилген жер аянтынын чиймесин чийип берүү жагы Ноокат райондук архитектура бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байдѳѳлѳтѳв |