Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-январы № 21-3
Кичик Алай көмүр кени жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Кичи-Алай айылынын Зак Кашка Суу жериндеги көмүр кенин бир тараптуу кылып чечип, пайдаланып жаткан ишкана менен укуктук жана келишим түзүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө Н.Исанов атындагы айыл кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Кичи-Алай айылынын Зак Кашка Суу жериндеги көмүр кеин бир тараптуу кылып чечип, пайдаланып жаткан ишкана менен укуктук жана келишим түзүү боюнча төмөнкүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн:
- А.Байдөөлөтов – а\к төрагасы;
- Э.Эргешов – а\к депутаты;
- М.Сыдыков – а\к депутаты;
- М.Карагозуев – а\к депутаты;
- А.Осмонов – а\к депутаты;
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асановго тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байдѳѳлѳтѳв |