Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-январы № 21-4
Борбордук көчөлөргө асма шам коюу жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Күнгөй-Кожеке, Тескей-Кожеке, Жаңы-Базар жана Жар-Коргон айылдарынын борбордук көчөлөрүндө асма шам жок болгондугуна байланыштуу көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты керектелээрин билдирип айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттарына сунуш кат менен кайрылган. Ошол сунушту канааттандыруу максатында айыл кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Күнгөй-Кожеке, Тескей-Кожеке, Жаңы-Базар жана Жар-Коргон айылдарынын борбордук көчөлөрүн жарыктандыруу максатында айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 150000 (бир жүз элүү миң) сом акча бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын өз убагында таап берип камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Ботобаевге милдеттендирилсин.
3. Бекитилген иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Юлдашевге тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байдѳѳлѳтѳв |